Menu

Сокулукта бирөөнүн 240.000 сомдук асыл тукум уюн уурдап кеткен мал ууру кармалды

Бөлүшүү:

Сокулук РИИБке арыз менен Б.С. аттуу жаран кайрылып 2022-жылдын 10-октябрь күнү Сокулук районунун Фрунзе айылындагы үйүнөн белгисиз жарандар баасы 240 000 сом турган сүт багытындагы асыл тукум уюн уурдап кетип, материалдык чыгым келтиргенин билдирген.
Аталган окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.
Сокулук РИИБнүн кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында бул кылмышты жасаган адам 1991-жылы туулган А.Д. экендиги такталып, ал жаран кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: