Menu

Бажы кызматы: Авиакомпания ИЛ-76 аба учагын сатып келип, 10,5 млн. сомдук бажы төлөмдөрүн жашырып, төлөбөй койгон

Бөлүшүү:

«Манас» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан  ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузууларды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган текшерүү иш-чаралары жүргүзүлдү. 

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө 2020-жылдын 14-декабрында Рахимярхан (Пакистан) – Бишкек каттамы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагына «В» компаниясына таандык (инициалдар  өзгөртүлгөн) ИЛ-76 аба учагы келгени аныкталган. 

Бул аба учагы Кыргыз Республикасынын улуттук каттоо белгисин ыйгаруу менен жарандык авиация органдарында катталган жана жарандык аба учактарынын реестрине киргизилген.

ЕАЭБдин бажы мыйзамдарына ылайык, аба учагы Кыргыз Республикасынын аймагына келгенден кийин андан ары белгилүү бир бажы жол-жоболоруна жайгаштыруу менен бажы операцияларын өткөрүү каралган. 

Бирок бул аба учагы боюнча  бажы операциялары жана башка бажы жол-жоболоруна жайгаштыруу жүргүзүлгөн эмес. Мамлекетке 10 637 983 сом зыян келтирилген.

Бул факт КБР АДС МКЖга катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: