Menu

Орусия түрмөдөгү өзбек жарандарын Украинадагы согушка азгыра баштады

Бөлүшүү:

14-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин мобилизация эки жумада аяктоого тийиш экенин айткан. Расмий маалымат боюнча азыркыга чейин 222 миң киши аскерге чакырылды.

Путиндин бул билдирүүсү Орусияда иштеп жүргөн кыргыз, өзбек, тажик мигранттары аскерге чакыруу кагазын алып жаткан маалга туш келди.

Бул арада орус түрмөлөрүндө отурган өзбекстандыктар ар түрдүү ыкмалар, анын ичинде кыйноо жолу менен Украинага каршы согушка тартылып жатканы айтылууда.

Орусиялык укук коргоочу жана саясатчы Ольга Романова өзүнүн Telegram-каналына “Вагнердин” жеке аскердик компаниясы чет өлкөлүктөрдү Украинадагы согушка азгырып жатканын жазды.

Ал орус түрмөлөрүндө жазасын өтөп жаткан Беларус, Өзбекстан, Кыргызстан жана Азербайжан жарандарын Украинага алып кетип жатышканы жөнүндө маалыматтар түшүп жатканын билдирди.

Согушка катышуу үчүн келишим түзгөн мигранттар жакындарына түрмө администрациясы, полиция жана башка күч түзүм кызматкерлери аларга катуу кысым көрсөтүп жатышканын кабарлашкан.

Укук коргоочу Каримжон Якубов орус өкмөтү Украинадагы согушка эмгек мигранттары менен этникалык азчылык улуттарды тартууга аракет жасап жатканын айтууда.

– Кишилерди азгырылууга мажбурлап, сабап жатышат. Бир жигит түрмөдө 9 жыл отурган, дагы үч жылы калганда ага согушка барууну сунушташкан. Тагыраак айтсам, ал жакта аларды сабап жатышат. Өзбек жана тажиктерге эле ушундай мамиле жасашкан жок. Кечээ беларус аялды сабап, уулунун келишимине кол коюуга мажбурлашкан. Азыр баласы Луганскта. Кече тажикстандык бир жигит чалды. Шарттуу түрдө кесилгенине карабай, ага аскерге чакыруу келген. Кыргызстандан дагы бир бала кайрылды. Ага да шартуу түрдө жаза берилген, аны да Украинага барууга мажбурлап жатышат.

Ал ортодо укук коргоочулар Украинанын оккупацияланган жана талкаланган аймактарын калыбына келтирүү үчүн да эмгек мигранттары тартылып жатканына тынчсызданууда.

Мигранттардын укугун коргоочу Валентина Чупик Мариуполду калыбына келтирүү үчүн минден ашуун өзбек мигранттары жөнөтүлгөнүн кабарлады. Ал мигранттар Украинага мыйзамсыз барышканын, бул аймактар азыркыга чейин ракеталык жана артиллериялык соккуларга кабылып жатканын эскертти.

Буга чейин Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан элчиликтери өз жарандарына Украинадагы согушка катышуу үчүн кылмыш жазасы бар экенин эскертишкен.

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: