Menu

Чек ара: Кыргызстан Тажикстандын билдирүүсүнө жооп берди

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы Тажикстандын Чек ара кызматынын кыргыз тарапты айыптаган билдирүүсүнө жооп кайтарды.

19-октябрда жарыяланган билдирүүдө тажик тарап чындыкка дал келбеген маалымат жайылтып, чек ара тилкесинде жашаган элди мыйзамсыз аракеттерге түртүү үчүн бурмалап жатканы айтылат.

Буга мисал катары Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстандын “кыргыз тарап аскердик техникасын Баткенге чогултууда” деп таратып жаткан сүрөттү быйыл 21-22-сентябрдагы куралдуу кагылыштан кийин тартылганын белгилейт.

Чек ара кызматы билдиргендей, 25-сентябрдан тартып Тажикстан чек аранын жалпы периметринде аң (окоп) казып жатат жана ошондон бери Кыргызстандын аба мейкиндигин бузуп, дрондорун учурган 10 факт жана кыргызстандыктардын үйлөрүн өрттөөгө аракет кылган учурлар катталды.

“Жолугушууларда Тажикстандын чек ара өкүлдөрү жетишилген келишимдерди бузуп жатканын моюнга алып, аларды жоюуну убада кылышат, бирок тажрыйба көрсөтүп тургандай – убадаларын аткарышпайт”,- деп билдирди мекеме.

Кыргыз тараптын маалыматына караганда, Тажикстан чек ара тилкесине аскерлерин жана техникасын топтоп, бул үчүн “Тез жардам” унааларын колдонуп, “Головной” деген жердин тушуна жарандык автомашиналар менен ок-дары ташып барып, “жалданмаларды даярдоо жана ок-дары топтоого мечиттерди пайдаланып, ошону менен ислам баалуулуктарына да каршы аракеттенип жатканы” аныкталууда.

Мекеме белгилегендей, “протокол кабыл алынып, чек арада абалды турукташтыруу үчүн аракет көрүлүп жатканына карабастан, тажик тарап кезектеги чек ара чырын тутандырышы ыктымал болгон иштерге барууда”.

Андан мурдараак Тажикстандын бийлиги Кыргызстанды “чек арадагы кырдаалды курчутууга багытталган аракеттерди көрүп жатат” деп айыптаган. Кошуна өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин Согд облустук башкармалыгынын ушундай өңүттөгү билдирүүсүн 19-октябрда улуттук “Ховар” агенттиги тараткан.

Анда 2022-жылдын 25-сентябрындагы №42 протоколдо бекитилген келишим талаптары сакталбай жатканы айтылып, кыргыз тарапка Тажикстандын аба мейкиндигин бузуп, аскердик техниканы тартып, кырдаалды туруксуздаштыруу аракеттерди көрүп жатат деген кине коюлду.

Билдирүүгө 10-18-октябрь аралыгында чек ара аймактарында “Кыргызстандын чагымы” катары сыпатталган бир канча окуя сүрөттөр менен тиркелген.

Тажикстан кырдаалды турукташтыруу, көйгөйлөрдү дипломатиялык жол менен чечүү жаатындагы макулдашууларды аткарууга кызыкдар экенин белгилеп, Кыргызстанды бейпил жашоону камсыздоого чакырган.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 63 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Жалпысынан 136 770 адам эвакуация болгон, алардын 6 миңдейи бүгүнкү күндөрдө атайын жайларда жа башкалардын үйүндө жашап жатышат.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жаракат алганын билдирди. “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, 81 киши өлдү деген тизмени жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды.

Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: