Menu

Кемпир-Абад маселеси боюнча Азимбек Бекназаров суракка чакырылды

Бөлүшүү:

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча видео кайрылуусу үчүн оппозиционер саясатчы Азимбек Бекназаров суракка чакырылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 20-октябрда чек ара маселеси тууралуу активисттер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Ташиев Бекназаровдун видео кайрылуусунда айткандары “чындыкка дал келбейт” деди.

Аталган кайрылууда Азимбек Бекназаров Кыргызстан тарапка өттү делген Ала-Бука жана Аксы районундагы жерлер башынан эле кыргыз тараптыкы болгонун, жергиликтүү тургундар кайсы жерлер өткөндүгүнөн кабары жоктугун айткан.

Бекназаровдун суракка чакырылышы боюнча укук коргоо органдары расмий маалымат бере элек.

УКМК төрагасы ошондой эле жакынкы күндөрү Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасында жашаган элге да чек ара боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн кошумчалады. Ташиев суу сактагычтын 900-горизонталына өзү барып, казык кагып, анын чегин жергиликтүү тургундарга көрсөтүп бере турган болду.

Ушул тапта президент Садыр Жапаров баштаган мамлекеттик жетекчилер кыргыз-өзбек чек арасынын айланасындагы кырдаал боюнча түшүндүрмө берип жатышат. Жыйынга жарандык активисттер, чек арадагы айылдардын тургундары чакырылганы кабарланган.

Жыйын жабык өтүп жатат. Айрым активисттер жыйын түз ободо көрсөтүлүүсүн талап кылышты.

15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, ага бир катар оппозиционер саясатчылар катышкан. Анда суу сактагычты Өзбекстанга бербөө талабы коюлган.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, келишим ратификация болсо, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт. Кошуна өлкө сууну бууп турган дамбага ээлик кылат. Мурда кыргыз-өзбек чек арасы суу сактагычты бөлүп өтүп турган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: