Menu

Президент Садыр Жапаров Куланак ГЭСинин курулушуна старт берди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда, Нарын облусунун Куланак айылында Куланак ГЭСинин курулушунун башталышына “Мезгил кутусун” салып, курулушка старт берди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү окуя –  Куланак гидроэлектр станциясынын пайдубалын түптөп, курулушун баштоо Нарын облусунун гана эмес, бүтүндөй Кыргызстандын экономикасына, энергетика тармагына пайда алып келе турганын баса белгиледи.

“Бул Кыргызстандын энергетикасынын тарыхындагы келечекке жол ачкан маанилүү кадамдардын бири. Мына ошондуктан, баарыңыздарды бүгүнкү жакшы саамалык менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер!”, – деп белгиледи Президент.

Садыр Жапаров өлкө жетекчилиги жаңы ГЭСтерди куруу менен мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүгө багыт алып жатканын белгиледи.

“Өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын жана коопсуздугун камсыз кылуу – биздин негизги максаттарыбыздын бири. Албетте, бул максаттар кагаз жүзүндө эле калып калбашы үчүн бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз.

Ошол эле учурда Жараткан тартуулаган ажайып жаратылышыбызды келечек муун үчүн таза сактап, өткөрүп берүү маселесин эсибизден чыгарганыбыз жок.

Учурда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнүн ар кайсы жолдорун издеп жатабыз жатат. Алардын ичинен чакан ГЭСтерди курууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын баса белгилейм”, – деди ал.

Садыр Жапаров мамлекеттин келечегин ойлогон атуулдар турганда өнүгүү мүмкүнчүлүгү кеңири болгон Кыргызстандын эли бакубат турмушта жашаарына  бекем ишенемин билдирди.

“Биз мамлекет тараптан колдон келген жардамыбызды берип, курулушка бардык шарттарды түзүп берип жатабыз. Алдыда дагы да шарттарды түзүп беребиз”, – деди ал. Андан соң, Мамлекет башчысы пландалып жаткан Куланак ГЭСи тууралуу кыскача айтып берди.

“ГЭСтин кубаттуулугу  100 МВт болот деген мерчемибиз бар. Курулуш бүтүп, ГЭС ишке киргенде жылына 450 млн квт/саат электр энергиясы өндүрүлөрү күтүлүүдө. Демек, бул бүтүндөй Нарын облусу электр энергиясы менен толук камсыздалат деген сөз.

Адистердин айтымында, ГЭСтин курулуш жүрүп жаткан маалда жалпысы 800дөн 1000 адамга чейин жумуш орду түзүлөт. Ал эми Куланак ГЭСинин курулушу бүткөрүлүп, толук ишке берилгенден кийин 100гө жакын жумушчу туруктуу иш менен камсыз болот.

Нарын дарыясынын боюна, Нарын районунун Учкун, Жан-Булак, Эмгек-Талаа, Миң-Булак, Жерге-Тал айыл аймактарынын аймагына курулушу башталган бул долбоордун алкаганда 27 метр бийиктиктеги плотина, дарыянын  нугун буруу жана сууну агызуу үчүн гидротехникалык шлюздар, 6,5 километр узундуктагы деривациялык канал, электростанциянын имараты агрегаттары менен, ошондой эле айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу алуучу түйүн курулат”, – деди ал.

Президент жергиликтүү туругнадрдын көңүлүн ГЭСтин курулушу энергетика, экономика тармагына эбегейсиз пайда алып келүү менен катар айыл чарба жерлерин сугат суусу менен камсыздоого да жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүнө бурду.

“Куланак ГЭСинин курулушу менен райондогу Учкун, Сары-Ой айыл аймактарынын 5081 гектар айдоо аянтын сугат суусу менен камсыздоо жакшырат. Мындан сырткары, 2100 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт.

Кудай буюрса, Куланак ГЭСи Нарын облусунун гидроэнергетикасынын локомотиви болот.

Ушуга байланыштуу бардык тийиштүү мамлекеттик органдарга Куланак объектисинин артыкчылыгына өзгөчө көңүл буруп, курулуш маселелерин ыкчамдатып чечүү үчүн өз убагында натыйжалуу чараларды көрүүнү, колдоо көрсөтүүнү тапшырам”, – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы Энергетика министрлигине долбоорду толугу менен кынтыксыз, сапаттуу ишке ашыруу жоопкерчилигин жүктөдү.

“Нарын дарыясына дагы 2,5 миң мегаВаттык гидроэлектр станцияларын куруу мүмкүнчүлүгү бар.

Буюрса, жакынкы келечекте дагы көптөгөн орто жана чакан ГЭСтерди курабыз.

Биз эки жылдан бери көп эле курулуштарга капсула салып келе жатабыз. Алардын ар биринин  курулуш иштери өз убагында бүткөрүлүп келе жатат. Мына бүгүн дагы капсула салган объект төрт жылдан кийин ишке берилет. Бир жыл даярдык иштери, анан үч жыл курулушу жүрөт.

Жазында Камбар-Ата ГЭСине да капсула салганбыз. Аны буюрса сегиз жылда бүтөбүз деп турабыз. Сегиз эмес он жылда бүтсөк да чоң иш болот”, – деп билдирди Президент.

Садыр Жапаров Камбар-Ата ГЭСинин курулушунун аякташы менен Кыргызстан көз карандысыз, өзүн өзү камсыздаган, электроэнергияны импорттобой тескерисинче, экспорттогон өлкөгө айланарын белгиледи.

“Азыр бизде жылына 3 млрд кв саат электр энергиясынын таңкыстыгы бар. Суунун башында турабыз, бирок ошону колдонуп, отуз жылдан бери бир дагы ГЭС салбаптырбыз. Эми сала баштадык.  Бардык потенциалдын он эле пайызын колдонот экенбиз. Эгерде дагы 90 пайызын кошуп колдонсок биз Орто Азия эмес, Европа, Кытайга электр энергиясын сатсак болчудай. Кудай бурса ага да жетебиз”, – деди ал.

Мамлекет башчысы  Куланак ГЭСи жалпы кыргыз элине кызмат кылган ири өнөр жай ишканасы болоруна ишеним артты.

“Касиеттүү Тенир-Тоонун кутман элин ырыскы, кут жылоолоп, жергебизде тынчтык, элибизде өнүгүү болсун!!!”, – деп сөзүн жыйынтыктады Президент Садыр Жапаров.

Долбоордун жалпы баасы 124 млн АКШ долларын түзүп, анын  88 млн АКШ доллары Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана Евразиялык өнүктүрүү банкы сыяктуу каржы институттар тобу тарабынан насыя катары берилери белгиленет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: