Menu

ИИМ: Массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар жарандар кармалды

Бөлүшүү:

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында айрым адамдардын массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана даярдоого, андан кийин бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынган.
Кылмыш иши боюнча шектүүлөр жашаган даректерде тинтүү жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармоо иштери жүргүзүлүүдө.
Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Эсиңиздерге сала кетсек, бүгүн таңкы саат 08:00дө бир нече активисттердин үйүнө тинтүү жургүзүлүп, андан кийин алардын камакка алынганы билдирилген:

  1. Равшан Жээнбеков
  2. Рита Карасартова
  3. Гүлнара Журабаева
  4. Клара Сооронкулова
  5. Асия Сасыкбаева
  6. Перизат Суранова
  7. Жеңиш Молдоакматов
  8. Али Шабдан
  9. Эрлан Бекчороев
  10. Кубанычбек Кадыров
  11. Айданбек Акматов
  12. Кеңешбек Дүйшөбаев
  13. Чыңгыз Капаров

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: