Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында белгисиз жарандар тарабынан Токмок шаарындагы мал базарында карыянын баласынын ашына мал алуу үчүн алып келген 120 000 сом акчасы уурдалганы жана кайрымдуу боорукер кыргыз жигиттери, ошол жерден акча чогултуп карыяга беришкен видеотасма тарап кеткен. Бул тууралу Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы билдирет.
Социалдык тармактарга тараган окуя боюнча 2022-жылдын 16-октябрында Токмок ШИИБдин ЭМКЖна катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Текшерүү убагында акчасын уурдаткан карыянын өздүгү аныкталып ал, 1943-жылы туулган К.М. аттуу жаран болуп чыккан.
2022-жылдын 17 октябрында Чүй ОИИББдин жетекчилиги жана Токмок ШИИБдин жетекчилиги акчасын уурдаткан карыянын үйүнө барып сүйлөшүү иштери жүргүзүлгөн.
Сүйлөшүүнүн натыйжасында 1943-жылы туулган К.М. аттуу карыя арыз менен кайрылып, ал арызында 2022-жылдын 16-октябрында болжол менен саат 9.00 чамасында Токмок шаарындагы мал базарында курткасынын төш чөнтөгүнөн белгисиз адамдар 120 000 сом акчасын уурдап кеткендигин билдирип, аларга чара көрүүнү суранган.
Аталган факты боюнча Токмок ШИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 205-беренесинде (Уурулук) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүн ИИМдин жетекчилиги өзгөчө көзөмөлүнө алган.
Чүй облусунун ИИББнын кылмыш иликтөө башкармалыгынын жана Токмок ШИИБдин ыкчам кызматкерлеринин жүргүзгөн иштеринин натыйжасында кылмыш жасаган адам аныкталып, ал 1983-жылы туулган Г.У. аттуу Токмок шаарынын тургуну экендиги аныкталды.
1983-жылы туулган Г.У. аттуу жаран шектүү катары кармалып, Токмок ШИИБнүн убактылуу кармоо жайына киргизилди. Шектүү болгон Г.У. келтирилген 120 000 сом акчаны толук төлөп берди.
Тергөө уланып жатат.
Теги: Уурулар
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ