Menu

Активист Ырыс Жекшеналиев үй камагына чыкты

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык соту 26-октябрда активист жана блогер Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу адвокат Кантемир Турдалиев журналисттерге билдирди.

Фейсбуктагы “Полит Узник” баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Активистке каршы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Калайман башаламандык”) 3-бөлүмүнө (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) ылайык кылмыш иши козголгон.

Жекшеналиев эч кандай күнөөсү жок экенин айтып келет. Ал саламаттыгы начарлаганына байланыштуу бир нече жолу медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөн. Доктурлар анын ден соолугу жакшы эмес деп айтышканын тарапкерлери билдиришкен.

Буга чейин бир катар укук коргоочулар Ырыс Жекшеналиев боюнча өлкөнүн президентине, Жогорку сот, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлигине кайрылуу жолдошкон. Анда бийликти Жекшеналиевди бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин толугу менен токтотууга чакырышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: