Menu

Кемпир-Абад: абактагы айымдарды бошотууга чакырышууда

Бөлүшүү:

Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту 29-октябрда экс-депутат, жарандык активист Орозайым Нарматованын бөгөт чарасын карап, аны эки айга камакта калтырды.

Нарматованы кошкондо Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы пикир айтып кармалган аялдардын саны алтыга жетти.

Орозайым Нарматовага Кылмыш кодексинин 36-278-беренеси (массалык башаламандык уюштурууга даярдык) менен кылмыш иши козголгонун анын курбусу Назира Алибекова журналисттерге билдирди. Ал Нарматовага коюлган айыпты, кармалышын мыйзамсыз деп эсептерин айтты:

“Мен анын ар дайым жанында жүргөн жакын курбусу катары айта алам, Орозайым эч кандай чакырык жасаган эмес. Уюштуруу иштерине аралашкан эмес. Ал жөнүндө бир дагы сөз болгон эмес. Ал болгону өзүнүн жарандык позициясын билдирген. Конституцияга ылайык, ар бир адам жарандык позициясын билдирип, оюн эркин айтууга укуктуу. Орозайымга эл аралык издөө жарыялап, аны Орусиядан кармап кеткени туура эмес. Орусиянын күч органдары аны кармап кеткенде биз бул жактан дагы адвокат жалдаганбыз. Алар дагы анын мыйзамсыз кармалганын айтышты. Орозайымдын эч кандай күнөөсү жоктугун ишенимдүү айта алам жана бул саясий куугунтук экенин баса белгилейм”.

Нарматованы кошкондо Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы пикир айтып кармалган аялдардын саны алтыга жетти. Ал арада жарандык коомдун өкүлдөрү, укук коргоочулар жана активисттер баш болгон 80ден ашуун адам бийликке кайрылды.

“Биз Кемпир-Абадды коргоо комитетинин жыйынында катышуучулар тынчтык митинги тууралуу гана сөз кылганына ишенебиз. Тынчтык жыйындары зомбулук жана курал колдонуу максатын көздөбөйт. Мамлекеттик органдар чогулгандардын диний ишеними, саясий же башка көз карашына карабай, тынчтык жыйындарын сыйлап, аны уюштуруу укугун камсыз кылып, өткөрүүгө тоскоол болбошу керек. Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык ар бир адам кандайдыр бир бирикмелерге кошулууга, коомдук кызыкчылыкты коргоо үчүн өз ыктыяры менен комитет, союз ж.б. уюмдарды түзүүгө укугу бар”, – деп жазылган кайрылууда.

Президент Садыр Жапаров жана анын администрациясы бул кайрылууга азырынча үн ката элек.

Кайрылууга кол койгондордун бири, Бириккен демократиялык кыймылдын өкүлү Сапар Аргынбаев Кемпир-Абадды коргоо комитетинин жыйынына байланыштуу камоолорду сынга алды.

“Айтылган сөз үчүн эле камай берсе анда “Биз Түркмөнстандан дагы, Түндүк Кореядан дагы ашып кеттик”деп айтышы керек. Айткан сөзүнө байланыштуу камоо Конституцияга дагы, элдин мүнөзүнө дагы туура келбейт. Коркутуу ыкмаларынан алыс болуу керек эле. Аялдар эле эмес, камалгандардын баарына боштондук берилиши керек. Эгер бийлик жерибизди коргойбуз деп чыккандарды, элди ушундай ыкмалар менен жалтак кылабыз дешсе анда терең жаңылышат”, – деди Аргынбаев.

Президент Садыр Жапаров жапырт камакка алынган саясатчыларга жана активисттерге байланыштуу 24-октябрда комментарий берген.

“Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде ал саясатчылар жана активисттер менен буга чейин да сүйлөшкөнүн, Кемпир-Абадга байланыштуу маселени түшүндүрүп бергенине карабай, майнап чыкпаганын билдирген. Президент камалгандардын ишине кийлигише албай турганын, чекитти сот коерун айткан.

Деген менен талдоочу Төлөгөн Келдибаев камалгандарга коюлган айыпты сотто далилдөө үчүн ынанымдуу далилдер керек болоруна токтолду.

“Юрист катары айта турган болсом аларды камоого негиз болгон далилдер жетишпейт. Кылмыш иши козголгону менен ал иштер сотто далилденбей калышы мүмкүн. Камагандан мурда күч органдары, УКМК Азимбек Бекназаров баш болгон саясатчыларга, аялдарга, эркектерге деле эскертүү берип, ошону менен гана чектелиши керек эле. Бөгөт чарадагы эң акыркы вариант – бул камоо, бул чара өтө оор кылмышкерлерге, качып кетиши мүмкүн болгондорго, мурда бир канча жолу соттолгондорго колдонулат. Тергөө маалында үй камагына эле кое берип койсо болмок. Сот адилеттиги бар болсо анда камакка албоо чарасы тандалып алынат эле”.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчылар жана активисттер 23-24-октябрда камалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: