Menu

УКМК: “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” ДЭУнун жашыруун ячейкасынын активдүү мүчөлөрү кармалды

Бөлүшүү:

Үстүздөгү жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 2-бөлүмү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кургак-Көл айылынын аймагында, ай сайын өткөрүлүүчү “чогулушта” “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” ДЭУнун лидери А.И.Т., И.З.К., К.М.Т., М.Х.Ч., Б.И.М., А.Т.Ж. жана Ч.Х.Т., Э.Н.Т., Х.Ф.Г., П.С.А., А.Д. аттуу активдүү мүчөлөрү кармалды.

Жүрүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында ири өлчөмдөгү экстремисттик мүнөздөгү адабияттар, баракчалар, уюлдук телефондор, электрондук маалымат каражаттарды алып жүрүүчүлөр жана ячейканын каржылык ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар алынган.

Бул адамдар экстремисттик идеологияны жайылтуу максатында системалуу түрдө диний сабактарды өткөрүп, ошондой эле социалдык тармактар аркылуу экстремисттик материалдарды таратып жүрүшкөн.

Кармалган жарандар  УКМКнын Жалал-Абад областтык  башкы башкармалыгынын тергөө камак жайына киргизилди.

Алардын кошумча кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

66 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: