Menu

УКМК казакстандык активисттердин кармалышы боюнча түшүндүрмө берди

Бөлүшүү:

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Казакстандын эки жараны 26-октябрда кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” бекети аркылуу Өзбекстанга чыгып кетүүгө аракеттенип жаткан учурда кармалганын маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, алар 23-октябрда Кыргызстанга чек арадан мыйзамсыз өткөнү аныкталган.
“Бул факты боюнча Казакстандын эки жараны – Ж.А.Е. менен Б.Д.Дга карата Кылмыш кодексинин 378-беренеси (“Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш ачылган. 31-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан кармалган жарандар эки айга №1 тергөө абагына камалды”, – деп жазылган маалыматта.
Буга чейин казакстандык активист Жанара Ахмет Кыргызстандын атайын кызматы “Манас” аба майданынан казак активисттери Асхат Жексебаев менен Диана Баймагамбетованы кармап кеткенин билдирген. Анын ырасташынча, алар Бишкек аркылуу чет өлкөгө кетерде кармалган. Мындан улам Ахмет кыргызстандык укук коргоочуларга кайрылып, кармалгандар үчүн адвокат табууга жардам сураган.
Асхат Жексебаев менен Диана Баймагамбетова 2020-жылы камалып, былтыр ноябрда сот өкүмү чыккан 13 активисттин катарында болгон. Анда Алматы соту аларды “ишмердигине тыюу салынган уюмга” байланыштуу күнөөлүү деп тапкан. Активисттерге казак бийлиги “экстремисттик” деп тапкан “Казакстандын демократиялык шайлоосу” жана “Көчө партиясы” деп аталган уюмдарга тиешеси бар деген айып коюлган.
Эки жылга кесилген Байгаматова сот залынан бошотулган, ал эми Жексебаев активист ушул жылдын май айында абактан бошогон, экөө тең ушул тушта пробациялык көзөмөлдө болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 53 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: