Menu

Журналист Семетей Талас уулу 48 саатка камакка алынды

Бөлүшүү:

Журналист Семетей Талас уулу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу камоочу жайына 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу анын адвокаты Аскат Жакупбеков журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Талас уулуна Кылмыш кодексинин 332-беренеси (“Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу”) менен айыбы угузулуп, камакка алынды. Анын бөгөт чарасы эртең, 2-ноябрда каралат.

Ички иштер министрлиги журналисттин кармалышы тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Семетей Талас уулу жыл башында Улуттук коопсуздук комитетинде Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды таратуу” деген беренесинин негизинде козгогон кылмыш ишинин алкагында сурак берген. Сурактан чыккандан кийин “чоң иликтөө жүрүп жаткан ишке байланыштуу күбө катары чакырылганын” айткан.

Ал буга чейин социалдык тармактарда Кемпир-Абад маселеси тууралуу пикирин байма-бай жазып келген.

41 жаштагы Семетей Талас уулу эркин журналист катары белгилүү. Көбүнчө уюшкан кылмыштуу топтор, коррупция темалары боюнча макалаларды жазат. Соңку жылдарда эркин журналист катары социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу коомдогу ар кыл окуяларга өз пикирин активдүү жазып келет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: