Menu

Кыргызстан: Улуу Британия, АКШ, Германия, Франция элчиликтеринин жана Евробиримдиктин Өкүлчүлүгүнүн Журналисттерге каршы кылмыштардын жоопсуз калуусун токтотуунун эл аралык күнүнө карата биргелешкен билдирүүсү

Бөлүшүү:

2-ноябрь, 2022-жыл, Бишкек – Бүгүн, Журналисттерге каршы кылмыштар үчүн жазасыз калууну токтотуунун эл аралык күнүндө биз бардык медиа кызматкерлерге урмат-сыйыбызды жана колдообузду билдиребиз.

Журналистика – бул негизги укук болгон сөз эркиндигинин бир түрү. Журналисттер коомчулукка маалымат берип, түрдүү көз караштарды чагылдырууга мүмкүндүк берет. Көз карандысыз жана түркүн маалымат каражаттары гана жарандарга бийликтерин жоопкерчиликке тартууга керектүү маалымат алууга жардам бере алат. Эркин ММК ачык-айкындуулукту жана демократиялык өнүгүүнү камсыз кылуучу коомдун жашоосу үчүн маанилүү.

Ошондуктан, дүйнө жүзүндөгү өкмөттөр журналисттердин өз ишин аша чапкан кысымсыз өз алдынча жүргүзүүсү үчүн коопсуз жана ыңгайлуу чөйрөнү өркүндөтүүсү жана түзүшү керек.

Көз карандысыз журналистика Кыргыз Республикасынын демократияны жана экономиканы өнүктүрүү жана чыңдоо дымагын колдойт. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги жана анын сөз эркиндигине болгон укугу Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен корголот. Биз Кыргыз Өкмөтүн адамдын бул негизги укугун коргоого жана өнүктүрүүгө чакырабыз.

Түпкү маалымат: 2013-жылы, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы A/RES/68/163 резолюциясы менен 2-ноябрды «Журналисттерге каршы кылмыштар үчүн жазасыз калууну токтотуунун эл аралык күнү» деп жарыялаган. Резолюция журналисттерге жана медиа кызматкерлерине карата жасалган бардык кол салууларды жана зомбулуктарды айыптайт. Ал ошондой эле мүчө мамлекеттерди журналисттерге жана ЖМК кызматкерлерине карата зомбулуктун алдын алуу, жоопкерчиликти камсыз кылуу, журналисттерге жана ЖМК кызматкерлерине каршы кылмыш жасаган күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу жана жабырлануучулардын тийиштүү коргоо каражаттарына жетүүсүн камсыздоо үчүн колдон келген аракеттердин барын көрүүгө чакырат. Андан ары ал мамлекеттерди журналисттер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көмөктөшүүгө чакырат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: