Menu

Сот журналист Семетей Талас уулун үй камагына чыгарды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту журналист Семетей Талас уулунун бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарды.

Журналист тергөө аяктаганга чейин үй камагында болот, Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагынан тергөөчүнүн уруксаты жок чыга албайт.

Сот башталардын алдында Талас уулу журналисттердин суроосуна жооп берип, кармалган себебин айтты. Ал 2021-жылы Фейсбук баракчасынан Ооганстан тууралуу материалды байкабай бөлүшүп койгону үчүн күнөөлөп жатышканын билдирди.

Семетей Талас уулун милиция 1-ноябрда кармап кеткен жана сурактан кийин аны 48 саатка камаган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренесинин 1-бөлүгү (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгонун жана бул факт Улуттук коопсуздук комитетинде катталганын билдирген. Милиция комплекстүү соттук-лингвистикалык экспертиза “Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмуна таандык маалымат камтылган материалды бөлүшкөн” деген корутунду чыгарганын айткан.

Журналист буга чейин социалдык тармактарда Кемпир-Абад маселеси, камалгандар тууралуу пикирин байма-бай билдирип келген.

41 жаштагы Семетей Талас уулу эркин журналист катары белгилүү. Көбүнчө уюшкан кылмыштуу топтор, коррупция темалары боюнча макалаларды жазат. Соңку жылдарда эркин журналист катары социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу коомдогу ар кыл окуяларга өз пикирин активдүү жазып келет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: