Menu

Табылды Акеров, саясат таанучу: “Кыргыз-өзбек чек арасын мыкты чечип, көз карандысыздыгыбызды бекемдеп, Туран союзуна киришибиз керек”

Бөлүшүү:

-Табылды мырза, жакында эле соцтармактарда түндүк Калифорниялык америкалык эсселен уруусунун индеецтери тээ илгери испаниялык келгиндерге тарттырып жиберген жерлерин “Western Rivers Conservancy” экоологиялык тобунун жардамы менен 250 жылдын кийин 4,5 млн. долларга сатып алганы кабарланды. Бизде Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга өткөрүлүп берилгени жатат. Балким, биз өз жерибизди баалабай жаткан чыгаарбыз?

-Жер маселеси дайыма оңой чечүүлүүчүлөрдөн болгон эмес. Жер өтө кымбат маселелердин бири. Жер үчүн адамдар канын, жанын берген. Илгери хуннулардын жетекчиси Модэ шаньюйга моңгол тилиндеги коншу уруусу дунхулардын башчысы элчи жиберип адеп күлүгүн суратат. Модэ аксакалдар кеңешинен кеңеш сураса, бир бөлүгү бербеш керек, себеби ал уруу башчыбыздын күлүгү дейт. Бир бөлүгү коңшулар менен ынтымакта бололу, бериш керек дейт. Модэ коңшулар үчүн бир күлүк эмне болуптур, бергиле деп, “бербеш керек” деген аксакалдардын башын алдырат. Экинчи жолу анын эң сулуу аялын суратат. Анда да Модэ кеңеш сурап, коңшулар менен ынтымак жашаш үчүн бир аял эмне экен деген чечим чыгарат да, “бербеш керек” деген аксакалдардын башын алып, аялын берип коёт. Үчүнчү ирет хуннулар менен дунхулардын ортосунда эч кимге тиешелүү эмес жерди бизге өткөрүп бергиле деп талап кылат. Аксакалдар кеңешинин теңи “ал жерге эч нерсе өспөйт, мал оттобойт, иштетилбейт, андан көрө бере берели” дейт. Айрымдары жерди берсе болбойт дешет. Ошондо ачуусу келген Модэ жер мамлекеттин негизи деп, жерди берели деген аксакалдардын башын алдырып, жигиттерине аттангыла, кеттик деп буйрук берип, дунхуларга каптап барып, аларды орду түбү менен жок кылат. Ошондон кийин дунхулар тарыхый булактарда эскерилбей калат.

-Хуннуларды кыргыз болгон деп айтышат. Мунун канчалык чындыгы бар?

-Тан династиясынын мезгилиндеги булактарда пугэ-бугу уруусу хуннулардын курамына киргендиги айтылат. Бугэ уруусу шаньюйлар чыккан аристократиялык урууларынын бири болгон. VIII-X кылымдардагы булактарда Ысык-Көлду жердеген чигилдер менен байыркы бугэлерди бир эле аристократиялык сабак уругу башкарган. Б.а. булар азыркы бугу уруусунун ата бабалары болгон десек туура болот.

-Кечээки тарыхка келсек, 1920-30-жылдарда Кыргыз мамлекеттүүлүгү кантип куралган, кимдер башында турду эле. Кыргыз мамлекети эмнеге РСФСРдин курамына кирип калган? СССР мезгилинде жер талаш меселелери курч болгондугун айтып келишет? Эмнелерди айта аласыз?

-1917-жылы февраль буржуазиялык революциясынын жыйынтыгы менен ак падышанын бийлиги кулайт. Керенский башында турган өкмөт кашаң болуп, өлкөдөгү бардык социалдык маселелерди так жана туура чече албай, кылчактап жатканда, эл Ленин башында турган социал-демократиялык партияны колдоп, бийлик большевиктердин колуна өтөт. Буга Ленин жана большевиктер жарыя кылган «Жер» жана «Тынчтык» жөнүндөгү декреттер жана «Орусияда жашап жаткан элдердин укуктарынын декларациясы» документери чоң жардам берген. Бийликке келген большевиктер жерди дыйкандарга таратып берсе, өлкөгө тынчтык алып келүү үчүн Орусияны дүйнөлүк биринчи согуштан чыгарып, Германия менен тынчтык келишимин түзүүгө жетишкен. Орусия империясынын курамындагы элдерге өз тагдырларын өздөрү тандап алуу сунушталган. Эгерде алар Орусия менен бирге болгусу келсе, анын курамында кала берген. Жок, бөлүнүп кетебиз дегендер, бөлүнүп алып, өзүнчө түтүн булатууга мүмкүнчүлүк алган. Ушул жобону пайдаланып, Орусиянын курамынан Финляндия, ж.б. өлкөлөр чыгып кеткен.

1918-жылы бул документке таянып Орто Азияда да Кокон автономиясы пайда болгон. Бирок, бул мамлекеттин бийлик структураларына большевиктер чакырылбагандыктан Кокон автономиясы М.В.Фрунзе башында турган кызыл армиянын күчү менен бир күндө тыптыйпыл кылынып жок кылынган. Борбордук Азияда казактар биринчилерден болуп өз мамлекеттүүлүгүн орнотууга жетишишкен. 1918-жылы казактар өздөрүнүн мамлекетин Кыргыз Республикасы деп жарыялап, азыркы Казакстан 1925-жылга чейин Кыргыз Республикасы деп аталып келген. Ордосу Оренбург шаары болгон. Бирок, кыргыздар ак падыша кулаары менен өз мамлекеттүүлүгүн жарыялай алган эмес. Себеби, Орус империясы Орто Азияны басып алгандан кийин, бул чөлкөмдү Самарканд, Сырдарья, Фергана, Жети-Суу деп төрт облуска бөлүп, Жети-Суу губернаторлугуна баш ийдирип койгон. Бул төрт облуста тең кыргыздар этникалык азчылыкты түзүшкөн. Өз идеяларын, сунуштарын реализациялоо мүмкүнчүлүгү аз эле.

Ошентсе да 1918-1920-жылдары кыргыздардын арасында да өз мамлекетин куруу идеясы пайда болуп, изденүүлөр жүрүп келген. Биринчилерден болуп А.Сыдыков Тоолу областты куруу идеясын көтөрүп чыккан. Ал кыргыздар компактуу жашаган уезддерди Жети-Суу, Фергана ж.б. областтардан бөлүп, Тоолуу областты куруу идеясын айтып чыккан. Аны И.Арабаев жана Ю.Абдырахманов колдогон. Алар Алматы да, Ташкентте да бул проблеманы көтөрө беришкен. Ошентип, 1922-жылы 25-мартта Түркстан Борбордук комитенин компартиясы Тоолуу Кыргыз областын түзүү боюнча чечим кабыл алат. Турк ЦИКтин токтомунун негизинде ал Пишпек, Каракол, Нарын жана Олуя-Ата уездиинин тоолуу райондорунан куралган. Бирок, Жети-Суу обком партиясынын 1922-жылдын 4-июнуна областты уюуштуруу сьездине Пишпекке чакырылган 425 делегат Сталиндин буйругу менен, башталбай жатып таратылган. Ал эми Кыргыз областын түзгөн мурдагы чечимдерди баары мыйзамсыз деп таанылган. Себеби, Сталинге 400 бай-манаптын тукумдары Кыргыз мамлекетин түптөп жатышат деп жалган маалымат берип коюшкан. Анткен менен Кыргыз мамлекетин түзүү аракети улана берген. Бирок, ошол кезде Пишпекте Ташкентке жан тарткан кадрлар бул жакта эмне болуп жатканын акырын жеткирип турган. Ал эми улуту казак Худайкулов башында турган кадрлар Пишпекте эмне болуп жатканын Алматыга жеткирип турган. Ошондой эле маалымат Ташкентке да жеткирилип турган. Себеби, Түркстан менен Казакстан жаңы түзүлүп жаткан областты өз курамына киргизип алууга кызыкдар болушкан.

-1924-жылга токтолуп, 30 кыргыз көтөргөн демилге боюнча айтсаңыз?

-1924-жылы Кыргыз обалстын түзүү идеясы кайрадан жанданган. А.Сыдыковдун демилгеси менен 30 кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү чогулуп, Сталинге кат жазышат. Катта алар кыргыз мамлекеттүүлүгү жөнүндө сөз кылышпаганы менен кыйыр түрдө Сталинге бул проблеманын бар экендигин жеткиликтүү түшүндүрө алышкан. Отузчулар катына биз кыргыдар Орто Азиянын элдиринен болгон өзбек, түркмөн, казак, тажиктердей эле өз тарыхыбыз, маданиятыбыз, тилибиз бар элдерденбиз. Ошого компартиянын жетекчилиги кыргыздардын балдарына мектепте өз тилинде билим алууга, соттордо өз кызыкчылыктарны эне тилинде коргоого мүмкүнчүлүк алуусун камсыздап берүүсүн жана мамлекетти башкарууга кыргыз кадарларын тартуу маселелерин чечип берүүнү өтүнүшөт. Отузчулар  Кыргыз мамлекетин куруу маселесин ачык суроодон коркушкан. Себеби, Кокон автономиясы жана Тоолу Кыргыз облусун куруу аракеттери эмне менен бүткөнүн алар жакшы билишкен. Бирок, ошондон кийин Сталин жана компартиянын жетекчилиги бул маселени биротоло чечип берүү туура деп тапкан. 1924-жылдын 1-октябрында Москвада Кара-Кыргыз автономиялуу областын куруу максатында 17 кишиден турган Революциялык комитет түзүлөт. Анын башына И.Айдарбеков бекиген. 1925-жылдын 27-мартында өткөн Учредителдик сьезди Кара-Кыргыз автоном областынын түзүлгөндүгү расмий бекиткен. Сьездде  А.Сыдыков, Худайкулов ж.б. лидерлердин группаларынын ортосунда чоң карама-каршылыктар жаралган. Кыргыз областы РСФРдин курамына кирген. Бирок, жаңы түзүлгөн областтын жетекчилигин бекитүүдө негизги ролду партиянын обкомунун катчысы М.Каменский негизги ролду ойногон. Ал А.Сыдыков жана Худайкуловдун группаларынын каршылашынан пайдаланып, билим дарамети күчтүү, А.Сыдыковдун санаалашы И.Айдарбековдун кандидатурасын аткаруу комитететинин төрагалыгына өткөрбөй коюуга жетишкен. М.Каменский бул кызматка нейтралдуу кандидатты карап көрүүнү туура деп эсептеген. Ошентип, саясий оюндардын негизинде А.Орозбеков аткаруу комитеттин төрагасы болуп бекиген. И.Айдарбеков жана А.Сыдыковдун башка саанаалаштары бийликте таасирин жоготушкан. Кийинчирээк, алардын баары социал-туранчылар, эл душманы деп репрессияга кабылып, атылып кетишкен.

СССРде саясий жана экономикалык маселелердин баары Москвадан чечилген. СССР бир чоң мамлекет катары эсептелген. Ошого Москва Советтик республикалардын жетекчилигинен сурап да койгон эмес. Н.Хрушев өз убагында чөлкөмдү каалагандай калчай берген. 1962-жылы Ш.Рашидов анын колтугуна кирип алып, Казакстандын пахта эккен үч областын Өзбекстандын курамына киргизип алган. Бул тууралуу казак лидери Д.Кунаев  жана Казакстандын Жогору Кеңеши билген да эмес. Бул маселени Москва Түштүк Казакстандын край компартиясынын жетекчиси И.Юсупов менен чечип койгон. Д.Кунаев муну териштире баштаганда аны кызматтан алып ташташкан.

-Эми Кемпир-Абадка кайрылсак…

-Кемпир Абад суу сактагычынын тарыхы да дал ошол 1962-жылы башталган. 1962-жылы Ш.Рашидов Моксквага таянып, Кыргызстандын жетекчилигине кайрылып, Кемпир-Абад суу сактагычын куруу маселесин көтөрөт. Суу сактагычты куруу үчүн суу топтолуучу жайдагы кыргыз айылдар көчүрүлүш керек болгон. Бул үчүн компенсация катары Өзбекстан Кыргызстанга 5 миң гектардай жер берүүнү жана кыргыз дыйкандары үчүн канал, Сох суу сактагычын ж.б. обьектилерди куруп берүүнү моюнга алган. 1965-жылы Өзбекстан суу сактагычка бериле турган 5 миң гектарды берген дешет. Википедияда бул тууралуу төмөндөгүдөй маалымат жазылган. «Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаевдин (2021-жыл, март) айтымында, кыргыз өкмөтү 1973-жылдары суу сактагычтын курулушу үчүн 5 731 гектар жерди бөлүп берген. Анын ордуна Өзбекстан тарап компенсация катары 4 127 гектар жер берген. Алар Ала-Бука, Аксы, Ноокат, Кадамжай районунда жайгашкан. Ошол келишимде убадаланган 1600 гектар жер 2021-жылкы сүйлөшүүдө алынганы айтылган». Кемпир-Абад суу сактагычы 1983-жылы курулуп бүткөн жана Кыргызстандын 5 миң гектар дыйканчылыкка жарамдуу, Өзгөн күрүчүн өстүрүүгө ыңгайлуу жери суу астында калган. Бирок, өзбек тарап Кыргызстандын алдындагы канал жана Сох суу сактагычын куруп беребиз деген милдеттемелерин аткарбай койгон. Ш.Рашидов муну атайылап эле, карасанатайлык менен курбай койгон десек болот. Себеби, канал менен суу сактагыч курулса, ал жерге пахта эгилип, Кыргызстандын пахта аянттары көбөйүп, өлкөнүн конкуренттик мүмкүнчүлүгү кеңейет деп корккон. Экс-элчи М.Абыловдун билдириши боюнча 1975-жылы Кыргыз өкмөт башчысы А.Сүйүмбаев Өзбекстан тарап өз милдеттерин аткарбаганы үчүн Кыргызстандын чектери Ош областынын чектери менен аныкталат деген токтомун токуп койгон. «Би-Би-Си» радиосу да Т. Усубалиевдин эски маегин тартуулап, анын өз оозу менен Кемпир-Абад кыргыз элинин менчиги деген сөзүн соцтармактарда берди.   Бирок, менимче документалдуу түрдө да Кемпир-Абаддын кыргыздын менчиги экенин көрсөткөн документтерди  коомчулукка көрсөтүшсө жакшы болмок.

-Кемпир-Абад Өзбекстанга өтүп кетти дейли. Кудай анын бетин ары кылсын, бирок, эки өлкө ортосунда пикир келишпестик, тирешүү болуп кетсе, абал кандай болот?

-Чек ара маселелери өтө дыкат чечилиш керек. Алдыда эмне болоорун айтып болбойт. Ошого келишимдерди дагы бир жолу карап чыгып, так чечишип алуу зарыл деп ойлом. Бул маселе комитетте каралып, ЖКда ратификациядан өтөт. Аябай тыкыр каралыш керек. Өзбекстандын чеги суу сактагыч аркылуу Өзгөнгө чейин кирип келет деп жатышат. Ошого биз көп нерселерден уттуруп коюшубуз мүмкүн деген кабатырлануу бар. Келишим боюнча суу сактагычта аскерлер болбой тургандыгы макулдашылган дешет. Бул жакшы жана өтө маанилүү маселе. Бирок, баары бир коркунуч туулуп калышы мүмкүн. Биринчиден, суу турганда аскерлер суунун үстү менен катерлер аркылуу Өзгөнгө жана Ош шаарына кирип келүү мүмкүнчүлүгүнө эгедер болуп калып жатат. Суу жок болсо ал жерге аскер жана техника, танктарды жайгаштырып деле коюшу мүмкүн. Бирок, ошол эле маалда  эгер Кемпир-Абад бизде болсо, анда ал жакты эс алуучу зона деп жарыялап, жаштар учун миндеген иш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүгүбүз болмокпу деп ойлойм. Балким, бул да каралган чыгаар.

-Коопсуздукту бекемдеш үчүн эмне кылуу керек эле? Соцтармактарда бул Өзгон, Ошко да коркунуч туудурат деп жазып жатышат?

–Мен ал жакты жакшы билбейм. Бирок, менимче, Өзбекстан берип жаткан жерлердин кайсы бир бөлүгүн, мисалы, 10 гектарын, Кемпир-Абад суу сактагычынын дамбасынын Өзбекстан жак бетинен алсак туура болмок деп ойлойм. Ошондо, Кемпир-Абаддын суу баскан жери анклав болуп калып, ал жакка аскерлерди киргизүүгө мүмкүнчүлүк болбой калмак. Өзгөн жана Ош шаарларынын коопсуздугу камсыз болмок.

-Жакында камалган саясатчылар жана активисттер алар үчүн атайын операция жүргөндүгүн айтып жатышат. Булар президент менен 2 жолу жолугушуп, анан  Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлгөндөн кийин дароо камалды. Бир күндө күч органдары материалдарды анализдегенге жетише алабы?

-Кыргызстанда мурдадан бери атайы операциялар жүрүп келген. Мисалы, Бакиевдер оппозициядан биротоло кутулабыз деп анын 14 мүчөсун бир күндө камай коюп, бийликтен жылбышпады беле. Атамбаевдин тушунда «Юпигейт» операциясы жүргөн. Ошол күнгө жакын бизди эксперттерди резиденцияга чакырышкан. Коопсуздук катчысы, УКМКнын башчысы өтө кызыктуу окуялар болгону жатыптыр деген сөздөрдү тарап жатты. Мен бир нерсе болгону жаткан окшойт, үн катпагыла деп милдеттендирип коюшпасын деп барбай койгом. Эртеси эле оппозиция А.Жекшенкулов, С.Жапаров, Т.Мамытов ж.б. Нарын суусундагы балыктарды уулап, өлкөгө тополоң уюштурганы жатыптыр деп, камоолор башталып кетти. Мен биринчилерден болуп бул атайы операция деп айтып чыктым. Оппозицияны каралатабыз деп болжогон жигитке убактылуу 3-4 жылга өлкөдөн чыгып туруу сунушу айтылган.

С.Жээнбековдун учурунда «Кой-Таш» операциясы жүрүп, А.Атамбаев жана анын санаалаштары камалды. Бирок, А.Атамбаев ошол кезде коомдун тынчтыгына, өлкөнүн стабилдүүлүгүнө чын эле коркунуч туудуруп жаткан. Бирок, бүгүн абал таптаза өзгөрдү. Ал эч кимге кокунуч туудура албайт. Ошого аны чыгарып койсо болот. Жаңы эле түзүлгөн Кемпир-Абадды сактоо комитети коомго коркунуч туудургудай өтө деле чоң күч катары кабылдана элек болчу. Аларды элдин колдоп кетээри деле, али белгилүү эмес болчу. Бийлик шашылып кетти көрүнөт.

-Чек ара маселесинин чечилиши безге эмне берет?

-Чек араны мыкты чечип алуу менен биз өлкөнүн көз карандысыздыгын мындан да  бекемдей алмакпыз. Экинчиден, геосаясий аракеттерибиз алда канча жакшырмак. Мисалы, Туран союзуна кирүү жана ж.б.у.с. маселелерди чечүүдө чечкиндүүрөөк болмокпуз. Менимче, Туран союзу Туркия, Азербайжан, Өзбекстан, Кыргызстандын негизинде түзүлүп калышы мүмкүн.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: