Menu

Орусия 9-сентябрда өзүнө кошуп алган Херсонду 9-ноябрда таштап чыгып кетүүдө

Бөлүшүү:

Украинадагы биргелешкен орус күчтөрүнүн башкы кол башчысы Сергей Суровикин Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгуга Херсондогу армиясын чыгарып кетүүнү сунуштады. Шойгу макул болуп, дароо орус күчтөрүн Днепрдын сол тарабына которуу буйругун берди.

Орус телеканалдары көрсөткөн сюжетте Суровикин орус армиясын камсыздоо кыйын болуп жатканын айтып, аскерлердин жарымын башка багыттарга колдонсо болорун кошумчалады.

Аймактын Москва дайындаган бийлиги жергиликтүү тургундарды октябрь айынын жарымында эле Днепр дарыясынын сол тарабына көчүрүп, андан ары аннексияланган Крымга эвакуациялай баштаган. Ошондой эле облустан орус мамкызматкерлери чыгып кеткен. Административдик мекемелерден орус желектери алынды.

9-ноябрдагы расмий маалыматтарга караганда, Херсон облусунун Орусия дайындаган администрация башчысынын орунбасары Кирилл Стремоусов жол кырсыгынан каза болду.

Херсонду орус аскерлери марттын башында басып алышкан. 30-сентябрда Херсон менен кошо Украинанын Луганск, Донецк, Запорожьени Кремль күч менен аннексиялап алганын жарыялаган. Бул кадамды эл аралык коомчулук байыптап, Түндүк Кореядан башка бир да мамлекет тааныган эмес.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: