Menu

19 жаштагы кызды өлтүрүп кеткен Сузактын 58 жаштагы тургуну кармалды

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрь күнү саат 9:30 чамасында Ноокен районунун аймагынан агып өткөн сайдын ичинен 19 жаштагы кыздын киши колдуу болуп каза болгон жансыз денеси табылган.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар Ноокен РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган жана кылмыштын бетин тез арада ачуу максатында кесипкөй кызматкерлерден турган атайын топ түзүлүп ыкчам иликтөө иштери башталган.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Жалал-Абад ОИИБдин жана Ноокен, Базар-Коргон, Сузак РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан кечиктирилгис түрдө жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, окуяга шектүү катары буга чейин зордуктоо жана башка беренелер менен бир нече жолу соттолгон, акыркы жолу 2021-жылы баңгизатына байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартылган Сузак районунун тургуну 1964-ж.т. О.А. аныкталып, тергөөгө камсыздалган. 

Тергөө учурунда шектүү жасаган оор кылмышы боюнча кызды Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагында Жалал-Абад шаарына кетүү үчүн турган жеринен алып, Сузак районунун аймагында өлтүрүп, жансыз денени Ноокен районунун аймагындагы каналга ыргытып жибергендигин айтып берген жана окуя болгон жерди, жагдайларды жеринде көрсөтүп, ал көрсөтмөлөрү  видеожазуу менен бекитилген.

Мындан сырткары кылмыш иши боюнча шектүүнүн “Тойота-Королла” үлгүсүндөгү автоунаасы  далил зат катары алынып, автоунаага кароо жүргүзүү учурунда автоунаанын  арткы орундугунун оң жак тарабынан  кара-кочкул түстөгү канга окшогон зат аныкталган. Ошондой эле автоунаанын алдыңкы орундугунун астынан кара-күрөң түстөгү болжолдуу салмагы 2-3 граммды түзгөн баңгизатына окшогон өзгөчө кескин жыты бар зат табылып экспертизалык изилдөөлөр үчүн алынган.

2022-жылдын 12-ноябрь күнү шектүү О.А. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 122-беренесинде көрсөтүлгөн кылмышты жасаганга шектелип, Кыргыз Репсубликасынын КЖПКнын 96-97-беренелеринин негизинде Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылыш иши боюнча толук кандуу тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: