жылдын 13 ноябрь күнү Чүй районунун аймактык ооруканасына денесине бычак сайылып жаракат алган Кайырма айылынын тургуну 1975-жылы туулган А.Б. жеткизилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткызылган. Бирок доктурлардын көрсөткөн жардамына карабай, алган жаракаты оор болгондуктан, ээсине келбей каза болуп калган.
Аталган окуя боюнча Чүй РИИБнүн тергөө кызматында Кыргыз Республикасынын КЖКнин 130-статьясында (денеге оор залал келтирүү, өлүмгө алып келгенде) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө амалдарынын натыйжасында, бул кылмышты жасаган адам 2001-жылы туулган У.А. болуп такталып, Кыргыз Республикасынын ЖПкнин 96-беренесинин талаптарына ылайык шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди.
Кылмыш туугандар арасында болгон уруштун айынан болгондугу аныкталды.
Өлгөн адам урушуп жаткан адамдарды арачалайм деп жатып бычак менен жаракат алган. Ал шектүү болуп камалган адамдын жездесинин досу болуп чыкты.
Тергөө уланып жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ