Menu

УКМК: Коңшу мамлекеттен аткезчилик менен алып келинген $2.750.000 мамлекеттин казынасына чегерилди

Бөлүшүү:

КР УКМК тарабынан контрабандага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам иш-чаралардын алкагында, 2022-жылдын 15-октябрында Баткен районунун Кара-Бак айылында Кыргыз Республикасынын жараны Т.А.М. (аткезчиликке тиешеси бар адам катары белгилүү болгон, Баткен райондук соту тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренеси “Милдеттүү түрдө акциз салынуучу продукцияны акциздик маркасыз өндүрүү” боюнча соттолгон.) башкаруусундагы “O 9240 AG” мамлекеттик номурлу “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаа кармалган. 

Унааны тинтүү учурунда КР аймагына коңшу мамлекеттен мыйзамсыз алып келинген 6 брикет желим баштыктарга скотч менен оролгон 2 млн 750 миң АКШ доллары өлчөмүндө накталай акча каражаты табылган. 

Бул факты боюнча КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан 2022-жылдын 16-октябрында кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында экономикалык аткезчилик менен алектенген адамдар аныкталып, Баткен шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

2022-жылдын 10-ноябрында Баткен райондук сотунун өкүмү менен бул акча каражаттарын ташууну уюштурууга катышкан Кыргыз Республикасынын жарандары К.Р.О., К.Н.Б., К.К.К., С.Ж.Н., Б.Е.А. жана Т.А.М. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, ар бирине 150 000 миң сомдон айып салынган жана 2 миллион 750 миң АКШ доллары (227 миллион 186 миң 850 сом) мамлекетке чегерилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: