Menu

Тарыхчы Табылды Акеровдун Кемпир-Абад көйгөйү боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылуусу

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровго

Кыргыз Ресубликасынын Жогорку Кенешинин Төрагасы Н. Шакиевге

КР ЖК депутатарына

  

Урматтуу Садыр Нуркожоевич!

Урматтуу Нурланбек Тургунбекович!

Кадырман кыргыз эл өкүлдөрү -депутаттар!

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араларын тактоо боюнча сүйлөшүүлөр башталгандан бери Кемпир-Абад тилкесиндеги проблемалар элди түйшөлтүп, чоң же кичине дебей жамы журт бул маселени талкууга алуу менен алек болуп калды. Бул маселеге кызыгуу Кемпир-Абад Өзбекстандын карамагына өтөт экен деген маалымат тарары менен эле башталды. Анын себеби да белгилүү. Кыргызстан, Өзбекстан жана Таджикстандын ортосунда дайыма чек арага жакын райондордо жер талаш болуп келген. Бул маселе айрыкча Кыргызстан эгемендүүлүккө чыккандан кийин күчөдү.  Өзбекстан тарап Кемпир-Абадга жакынкы тилкеде бекем позицияда болуп, анын айланысына аскер коюп кайтартып, кыргыздарды ага жакын жолотпой өз менчигиндей коргоп келди. Мунун бирден-бир себеби, Өзбекстан тарап чек ара маселесинде Кыргызстанга уттуруп коюдан чоочуркап, тескерисинче, максималдуу түрдө утуш менен чыгышты  каалаганында.

Бирок, бул маселени талкууда Кыргызстанда саясий элита экиге болүнүп, тил табыша алышпай, талашып жатып, бул өлкөдө карама-каршылыкты күчөттү. Ошентип олтуруп бийлик тарап, берки оппозиция тарапты камап тынды. Эки ортодо күнөөлүүлөр да табылып Н. Хрушев, Т. Усубалиев, Сталин, У. Юсупов (Өзбекстандын ошол кездеги жетекчиси), Т. Кошоевдердин аттары аталып, учурунда жер сатылып кеткендиги айтылып  жатты. Кемпир-Абаддын тегерегинде эл али да чогулуп, бийликтин аракеттерине каршы экендигин билдирип, тынчсызданып жатат.  Ошондуктан, бул материалда биз бардыгын тыкыр териштирип, ошол кездеги окуялардын  картинасын түзүп көрүүнү жана сиздерге атайы кат менен кайрылууну туура деп таптык.

Бийлик менен оппозициянын өз ара кайым айтышы оозэки түрдө документтер бар дегени менен, булардын позицияларын бекемдеген документтер коштолбогонун айта кетүү абзел. Бийлик муну мамлекеттик сырга таяп түшүндүргөндөй болду.  Бирок, википедияда Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев (2021-жыл, март)  Кемпир-Абад дамбасынын алдындагы айылдарды көчүрүү үчүн, Өзбекстан  тарап Кыргызстанга компенсация катары 4 127 гектар жер берген деген  маалыматы сакталып турат. Анын (2021-жыл, март) айтымында: «…. кыргыз өкмөтү 1973-жылдары суу сактагычтын курулушу үчүн 5 731 гектар жерди бөлүп берген. Анын ордуна Өзбекстан тарап компенсация катары 4 127 гектар жер берген. Алар Ала-Бука, Аксы, Ноокат, Кадамжай районунда жайгашкан. Ошол келишимде убадаланган 1600 гектар жер 2021-жылкы сүйлөшүүдө алынганы айтылган».

Оппозиция болсо бул маселеде Кыргыз Өкмөтүнүн 1975-жылкы токтомуна таянып, бийлик менен макул эместигин билдирип келди. Мисалы, экс-элчи М. Абылов анда  Кыргыз Өкмөт башчысы А. Сүюмбаевдин 1975 –жылы чыгарган № 74 токтомуна  таянып, анда А. Сүюмбаев Өзбекстан Кемпир-Абад Суу сактагычы боюнча келишимдеги өз милдеттерин аткарбай койгондугуна байланыштуу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек аралары Ош областынын чеги менен аныкталат деп бекитип койгон. Кемпир-Абад Кыргызстандын менчиги деген позицияны карманат. Тарыхчы жана чек ара маселелери боюнча эксперт А. Кулматов да Кемпир-Абад маселеси боюнча өзүнүн аналитикалык макаласын жарыялап, Кемпир-Абад Кыргызстанга таандык экендигин белгилеп, аны Өзбекстанга таандык дей тургандай бир дагы документтин жоктугун жазат.

Т. Усубалиевдин «Би-би-си» радиосуна берген илгерки маегинде Кемпир-Абадды кыргыздарга мурастап кеткендей айтып, жогоруда айтылгандарды бышыктап койгон. Анда Т. Усубалиев Кемпир-Абад суу сактагычы маселесин эл аралык деңгээлге алып чыкканын айтып, анын өтөлүнө чыгыш үчүн бул боюнча БУУ менен консультациялар  жүргүзүлгөндүгүн белгилейт. Т. Усубалиев маегинде өз оозу менен Кемпир- Абад кыргыз элинин менчиги, биз бул боюнча БУУдан да сурадык, алар сууну саткыла, сууну сатсаңар болот деп жатышат деп айтып  кетиптир.

Кыязы, Т. Усубалиевдин мындай билдирүүлөрү Өзбекстандын мурдагы лидери И. А. Каримовду чоочуркатпай койгон эмес. Ошого ал учурунда Кемпир-Абад суу сактагычын жана анын айлана тегерегин жылчык калтырбай кайтартып келгенби деген суроо туулбай койбойт. Анткени, Кыргызстан Кемпир-Абад боюнча эл аралык деңгээлде консултацияларды жүргүзүп, сууну сатуу маселесин өздөштүрүп жатышы, анын бул багытта коңшуларды оңтойсуз абалга кабылтып, өз максаттарына жетүүгө умтулуу катары кабылданышы мүмкүн эле.

Бирок, жогудагыдай материалдардын байма-бай чыгышы жана соцтармактарда карапайым эл Т. Усубалиевди  Кемпир-Абадга күнөөлөп, каралоого алууну жактырбай, аны коргоп карама-каршылыктар күчөп жатканынанбы, айтор акыркы жумадан бери мындай коомчулукка жакпаган аракеттер токтотулду. Тескерисинче, Кемпир-Абаддын алдындагы жерлер Өзбекстанга Сталин менен ошол кездеги өзбек лидери У. Юсуповдун учурунда өтүп кеткен деген маалымат тарала баштады. Ошол кездеги Түштүк Кыргызстан тажрыйба чарбасынын жетекчиси К. Мокешов (1968-1975жж.) Сталин менен Юсупов Москвадан Политбюронун чечими менен  биздин жерлерди Өзбекстанга өткөрүп жиберген. Бул учун формалдуу түрдө акты түзүлгөн. Ага Ош областынын ошол кездеги жетекчиси Т. Кошоев жана башка Ош областынын Өзгөн, Кара суу райондорунун жетекчилери кол коюшкан дейт. Т. Усубалиев кызматка кеч келген, ал келгиче эле бул маселени Москвадан чечип коюшкан деп билдирүүдө. Ошол кезде эле компенсациясын алып, орустардын үйлөрүн алып көчүп кетишкен дейт.

Бирок, К. Мокешов, биринчиден, СССР учурунда бир республиканын мүлкү же жери башка бир республикага өтүү тартибин таптаза билбегендигин көрсөтүп, ал айткан формалдуу актынын болгонунан күмөн санатып жатат.  Себеби, СССРдин Конституциясында анын курамына кирген ар бир республика өзүнүн тарыхый калыптанган территориясына ээлик кылууга укуктуу деген жобо бекитилген. Ошондуктан, Политбюро өзү каалагандай эле жерлерди жана мүлктөрдү формалдуу актынын негизинде бир республикадан экинчисине өткөрүп бере алган эмес. Экинчиден, жогудагы конституицялык норма К. Мокешовдун маалыматына күмөн жаратып жатат. Мисалы, 1950-1970 жылдар аралыгында Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда бир нече жерлер, кен-байлыктар, бир мамлекеттен экинчи мамлекетке өтүп турган. Бирок, алардын баары СССРдин конституциясына жана бул союздук рсепубликалардын конституцияларына жана мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Т. Усубалиев өз маегинде Москва биз менен кеңешип иш кылган. Мисалы, Өзбекстан Чаткал, Соң-Көлдүн суусун пахтага пайдаланабыз дегенде, жетиштүү аргументтерди айтып олтуруп алып калганбыз деп эскерет. Тарыхка кайрылсак, Н. Хрушевдун учурунда Рашидовдун өтүнүчүн канаттандыруу үчүн Казакстандын үч району Өзбекстандын курамына киргизилген.  Н. Хрушев бул маселени чечиш үчүн Д. Кунаевдин алдынан өтүп, аны менен макулдашып, мыйзам жолу менен чечиш үчүн казак лидерин өзүнө чакырган. Бирок, тилекке каршы Д. Кунаев таптаза көнбөй койгон. Ал биз өзүбүз деле пахтаны өндүрө алабыз, мен элге эмне дейм деп болбой койгон. Бирок, Н. Хрушев  бул маселени Түштүк Казакстандын край компартиясынын жетекчиси И.Юсупов менен чечип койгон. И. Юсупов крайкомдун чечимин чыгарып, документтерди Казакстандын Жогорку Кенешине жана Д. Кунаевге жөнөткөн.  Д. Кунаев И. Юсуповдон эмнеге мындай болуп кетти деп териштире баштаганда, Н. Хрушев аны кызматтан алып салганда, анын ордуна тил алчаак И. Юсуповду бекитип койгон. И. Юсупов уйгур улутунан болгон. Ал мындан башка да жерлерди, кендерди башка республикалардын пайдасына өткөрүүгө аракет кылган. Ошого ал өмүрү өткөнчө, мен казак элине эч жамандык кылган эмесмин деп карганып жүрүп өткөн. Б.а. жерлер, мүлктөр бир мамлекеттен экинчисине өткөндө, адеп областтан чечим чыгып, анан ал Жогорку Кенештен бекитилген. Бул боюнча атайы Указ чыгып, өкмөт токтом чыгарган. Андан кийин, СССРдин Политбюросу чечим чыгарып, чек аралардын өзгөргөнүн атайы бекиткен. Анан карта өзгөртүлгөн. Областын чечими Жогорку Кенештен бекибесе, тийиштуу Указ, Өкмөттүн токтому чыпаса, Политбюронун чечимдери болбосо, анда ал аракеттер мыйзамсыз деп эсептелген. Б. а. К. Мокешов айтып жаткан Т. Кошоевдин актысы менен эле кыргыз жерлери Өзбекстанга, ал эми Өзбекстандыкы Кыргызстанга өтүп кете алган эмес. К. Мокешов Сталин менен Юсупов чечип коюшкан деп жатат. Ошондой болгон күндө да Т. Кошоевдин формалдуу актысы жогорудагыдай тартипте мыйзамдаштырылышы керек болчу. Эгерде андай тартипте мыйзамдаштырылбаса, бул аракеттер мыйзамсыз деп эсептелген. К. Мокешовдун айткандарын тастыктаган КР ЖКнин чечимин, Указ, Токтом ж. б. документтерди карап,текшерип көрсө болот. Себеби, бир эле формалдуу акты менен жерлер өтүп кете бербейт да.

К. Мокешов жогорудагы окуялар Сталиндин учурунда болгонун айтат. Сталин 1953-жылы өлгөн. У. Юсупов Өзбекстандын КП (б) биринчи катчылыгын 1937—1950 жж. аркалаган. 1953—1955 жж. Өзбекстандын Министрлер Советинин төргасы болгон. Н. Хрушев 1953-1964 жж. КПнын БКнин биринчи катчысы, ал эми 1958-1964 жж. СССР министрлер Советинин  төргасы болуп эмгектенген. Бирок, Н. Хрушев официалдуу түрдө бийликке 1956-жылы партиянын ХХ- сьездинен кийин келген. Ага чейин 1953-1956-жылдары өлкөнү Берия, Хрушев (март – июнь 1953-жылдын мартынан июньга чейин), Маленков (официалдуу лидер катары 1953-жылдын июнунан 1955-жылдын январына чейин) триумвираты башкарган. Сталин согуштан кийин СССРде  Эл чарбасын калыбына келтирүү программасы менен иш алып барган. Негизги максат согуштан кыйраган экономиканы, шаарларды, мекемелерди ж. б. обьектилерди калыбына келтирүү болгон. Бул саясат Хрушев официалдуу бийликке келгенге чейин уланган.    Хрушев бийликке келгенден кийинки алгачкы жылдардан тартып СССРге кирген союздук республикалардагы Сталиндин кадрларын алмаштыруу менен алек болгон. Андан соң айыл чарба, өнөр жайын өнүктүрүү программасынын алкагында аракеттенген. Ал эми У. Юсупов Сталиндин кадры болгон. Ал Сталиндин репрессия саясатынын камчысын урган кадрларынын бири болгон. Б. а. ал Хрушев менен бир команда болмок тургай, бир кайыкка да олтура алган эмес. 1959-жылдан 1983-жылга чейин Өзбекстан КП биринчи катчылык кызматын Ш. Р. Рашидов аркалаган. Аны Хрушев өзү бийликке алып келген, анын көздөй кадры болгон. Айтмакчы, 1961-жылдан 1985жылга чейин  Кыргызстан КП БКнын 1- катчылык кызматында эмгектенген Т. Усубалиев да Хрушевдун көздөй кадры болгон. Ага чейин Кыргызстанды өтө кадр-барктуу Сталиндин кадры И. Раззаков башкарган. Хрушев толук кандуу бийликке 1956-жылы араң келип жатат. Демек, 1953-жылы өлгөн Сталин да, 1955-жылы кызматын тапшырган У. Юсупов да Кемпир-Абадга тиешеси жок болгон. Ал эми бийликке жаңы келген Ш. Рашидов (1959-ж.) Хрушевду пайдаланып, 1959-1961-жж. аралыгында И. Раззаковго  каршы интригаларды уюштура алмак эмес деп тартынбай эле айтсак туура болот. Хрушев И. Раззаковду бардык союздук республикалардын жетекчилерин алып, өз кадрларын коюп бүткөндөн соң, 1961-жылы алганга батынган. 1961-жылы бийликке келген Т. Усубалиев менен Ш. Рашидовду Хрушев бирдей эле көргөн. Хрушев бул эки кадрынын ортосуна интрига жагууга кызыкдар эмес болчу. Ошондуктан, Ш. Рашидов Кемпир-Абад боюнча Москвага жамынып, чоң интригаларды жасай алган эмес. Бирок, ал суу сактагычты куруп алгандан кийин, кызганычтан улам, карасанатайлык менен Өзбекстан куруп беребиз деп милдеттенген каналды, Сох суу сактагычын ж. б. обьектилерди курбай койгон. Кыргызстан да пахта аянттарын чоңойтуп, бизге конкурент болот деп кызганып, чочулаган.

Ал эми Т. Кошоевге келсек, ал областтык жетекчилик кызматка  1966-жылы келген. Б.а. Брежневдин учурунда. 1966-78-жылдары Ош облаткомунун төрагасы (ага чейин 1-орун басары), 1978–81-жылдары партиянын Ош обкомунун 1-секретары, 1981–87-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы болуп иштейт. Б. а. жогорудагы К. Мокешов айтып жаткан «формалдуу акты» дал ошол Т. Кошоев Ош облаткомунун төрагасы кызматын аркалаган 1966-78-жылдарга туура келип жатат.  Ал эми 1961-жылы И. Раззаков кызматтан алынса, 1962 –жылы Ш. Рашидов  Кемпир-Абадды көтөргөн, 1964- жылы Н. Хрушев кызматтан жылбышкан. Ортодогу 2 жыл аралыгында Ш. Рашидов Москва аркылуу Т. Усубалиевге басым жасай алган эмес. Т. Кошоев төрага катары актыга эмес, өзүнүн чечимине кол коюш керек эле. Балким, К. Мокешов айтып жаткан акты, Ош облаткомунун төрагасынын элдердин башка жерге  көчкөнүн бекиткен чечими болушу мүмкүн. 1968-жылы директор болуп келген К. Мокешов жаңылып, баарын чаташтырып жатат. К. Мокешовдун «актысынын» дегеле болгону арсар болуп калды. Бирок, болсо да ал акты эч нерсеге жарабашы да ылаазым, эгерде ал Ош областынын жергиликтүү кеңешинин чечими менен, андан соң КР Жогорку Кенеши жана өкмөтунун токтомдору менен бекибесе, Москвадан Политбюро чектердин өзгөргөнү жөнүндө чечим чыгарбаса. Эгерде ал «акты» ушундай тартипте бекитилбесе, анда ал эч нерсеге жарабаган документ болуп эсептелет.

Л. Брежневдин мезгилинде Орто Азияда ага өзүнүн кудасы Д. Кунаев таасирлүү болгон. Л. Брежневдин доорунда СССРде коррупция гүлдөп, Өзбекстан Ш. Рашидовдун жетекчилигинде коррупцияга белчесинен батып кеткен. Ошондуктан, ошол кездеги кыргыз жетекчилиги Ш. Рашидовго ишенген эмес. Ал кезде Өзбекстанга каналга, Сох суу сактагычына деп чегерилген акчалар деле корупциялык схемага кабылып, кымырылып, жок болушу мүмкүн болчу. Ушул өңүттөн алганда, кыргыз тарап Ш. Рашидовдун өзү милдетин алган каналды, Сох суу сактагычын курабы же курбайбы деп күмөн санап, анан курбай тургандыгы анык болгон соң ошого жараша аракеттерди жасоого мажбур болушкан десек туура болот. Буга 1962-жылы КР КП БК жана КР Министрлер Кенешинин № 45/8-Б Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча чыгарган токтому далил боло алат. Ага Т. Усубалиев менен Б. Мамбетов  кол койгон. Бул чечимдер боюнча жер берүү жана чек ара чектерин өзгөртүү жөнүндө бир да сөз айтылган эмес.  Мына ошондуктан 1975-жылы А. Сүюмбаев жогорудагы № 74 Кыргыз Өкмөтүнүн токтомун оңой эле токуп койгон. Токтомдо: «Следует отметить, что в виду не выполнения со стороны Узбекской ССР обязательств по строительству Левобережного Кемпирабатского канала и коллекторно-дренажной сети Совет Министров Киргизской ССР постановлением от 20 февраля 1975 года № 74 постановил земли в границах Ошской области Киргизской ССР от 22 октября 1965 года № 475  под строительство Кемпирабадского (Андижанского) водохранилища, без изменений существующей Республиканской границы между Киргизской ССР и Узбекской ССР» (Токтомдун көчүрмөсү соцтармактарда эркин таралып жатат) деп бакыйып жазылып турат.

Ошентип, жыйынтыктасак, колдо бар материалдардын анализи көрсөткөндөй кыргыз бийлиги Кемпир-Абад суу сактагычын куруу маселесинде жер берүү тууралуу чечим кабыл алган эмес. Жогорудагылардан улам Кыргызстан Өзбекстан менен чек ара маселелерин сүйлөшүүлөрдөн мурда бардык документтерди таап алып, анан сүйлөшүүгө киришсе ал жемиштүү жана алда канча үзүрлүү болмок деп ойлойм. Б.а. Кыргызстан документтер менен Кемпир-Абад суу сактагычын өзүнүн менчиги катары далилдеп бере алса, анда Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр ачык жүрүп,  алда канча жеңилдемек. Анда коомдо да пикир келишпестик, карма-каршылыктар пайда болмок эмес.

Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча түзүлгөн Келишимдин проектисинин айрым негативдүү жактарына токтоло кетели. Маалыматтарга караганда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда эки келишимге кол коюу күтүлүп жатат. Бири чек ара боюнча, экинчиси Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча. Бул жерде чек ара боюнча келишим Кемпир-Абад боюнча келишимдин уландысы катары кабылданабы же бул экөө эки башка келишимдерби, ушул маселе маанилүү? Эгер экинчи  келишим биринчинин уландысы катары эсептелсе,  анда бул Кыргызстан үчүн бир аз пайдалуу. Себеби, эгер Өзбекстан бир тараптуу келишимден чыгып кетсе, анда чек ара маселелери да кайрадан каралууга тийиш болуп калат. Эгер булар эки башка келишимдер катары тааныла турган болсо, анда Өзбекстан келишимдерге кол коюлгандан кийин, өзү каалаган мезгилде Кемпир-Абад боюнча келишимден  бир тараптуу чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүнө эгедер болуп калат. Өзбекстан келишимден чыккандан кийин, ал Кемпир-Абадга аскер киргизип, зым менен тосмо тосуп, бекитип алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп калат.

Келишимде Кыргызстандын экинчи борбору Ош, Өзгөн шаарларынын жана Ош областынын коргонуу жана маалымат коопсуздугу маселелери таптакыр эске алынбай, бул талаптарга  карама-каршы түзүлүп  калгандай.  Дүйнөлүк практикада чек ара маселелери стратегиялык обьект же борбор калаа, шаардын коргонуу жана маалымат копсуздуктарын эске алуу менен чечилет. Казакстан өз борборун Астанага көчүргөнүн, ал эми Кыргызстан Ошту экинчи байтакты катары жарыялаганын эске алсаңыз болот. Келишимде стратегиялык шаарлардын коргоонуу жана коопсуздугу эске алынбай калганы туура эмес. Алсак, Келишим боюнча Кыргызстан тарап дамбанын алдынан сууга басылган 4 485 гектар жерди Өзбекстан тарапка өткөрүп берери айтылат. Суунун деңгээли 900 горизонттук белгиден ашпайт дешет. Бул абалда Өзбекстандын жерлери Өзгөнгө чейин кирип келээри анык болууда. Б.а. Өзбекстан (согуштук абалда) аскерлери суу болгондо катерлер менен Өзгөн жана Ош шаарларына кирип келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ал эми суу жок болсо, ал жакка аскер гарнизонун, техникасын, танктарын жайгаштырып алышы мүмкүн. Ошентип, келишим боюнча Кыргызстандын мамлекет катары стратегиялык абалы өтө начарлап, кечирилгис чоң утулушка дуушар болуп жатат.

Айрымдар, Кемпир-Абад стратегиялык обьект эмес дешет. Тескерисинче, Кемпир-Абад Кыргызстан үчүн да, Өзбекстан үчүн да өтө маанилүү стратегиялык обьект. Анткени, биринчиден, эгер дамбанын алдындагы жер жана чогултулган суу бүгүн Кыргызстандыкы болсо, анда  4485 гектарды түзгөн 900 горизонттук белгиге чейин жер жана ал жерге чогултулган суу бул жерлер Өзбекстанга өткөндөн кийин коңшу өлкөнүнкү болуп эсептелип калат. Себеби, бул суу эми Өзбекстандын территорисында чогултулуп жатат.  Экинчиден, СССР учурунан бери өлкөнүн Түштүк региону маалымат коопсуздугу тийиштүү деңгээлде чечилбей келгени белгилүү. Анын айынан Өзбекстанга чектеш район, айылдар өзбек телевидениесин көрүүгө, радиосун угууга аргасыз болуп, маалыматты өзбек тилинде алып, Кыргызстандын Президенти ким экенинен да кабары жок болуп келген. Ошондуктан, эгерде келишим боюнча Өзбекстандын чектери Өзгөнгө чейин созула турган болсо, анда Өзбекстан маалымат коопсуздугу боюнча чоң утушка жетишип жактаны байкалууда. Өзбекстан Ош областы боюнча маалымат коопсуздугу, маалымат согушу маселелери боюнча үстөмдүк кылышы мүмкүн. Б.а. Өзбекстан бир ок менен эки коёнду атып, өз улутташтарынын маалымат коопсузудугун мыкты коргоп жатат. Бүгүнкү парламентте 90 депутаттын 23 гана түндүк областарынан экени айтылат. Б.а. парламенттин дээрлик көпчүлүк депутаттары түштүктө маалымат коопсуздугу проблемалары бар экенин менден да жакшы билишет.

Келишим рынок экономикасынын шарттарына жооп бергидей түзүлбөй калган. Депутаттар келишим боюнча Кыргызстан суу берүүгө милдеттендирилген дешет. Өзбекстан бул пунктту атайы киргиздирип жатат. Муну менен өзбек тарап  Кыргызстанды сууну сатуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып жатат. Эгерде кийинчирээк, башка өлкөлөрдө да суу сатуу практикаланып калса, кыргыз тарап сата албай калат. Экинчиден, мындай абалда Кыргызстан сууну башка жакка буруп атамекендик дыйкан чарбаларын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт же ал тарыйт. Келишимдеги Кыргызстанды суу берүүгө милдеттендирген норманы алып салуу керек.

Келишимдин негизин Кыргызстандын суу ресурстары, дамбанын алдында калган дүйнөдө табылгыс сорттогу күрүч өстүрүүчү 4 485 гектар жери, ал эми Өзбекстандын дамбасы түзүш керек. Сүйлөшүүлөрдүн ушундай багытта жүрүшү туура болмок. Бүгүн 4 485 гектар гектар күрүч талаасынын баасы, Өзбекстан эки миллион гектар жерди суу менен камсыз кылуу үчүн курулган дамбанын баасы менен бирдей деп эсептелиши керек. Келишимде Кыргызстан эки өлкө тарабынан курулуп жаткан ишкага анын 50% эгедер өлкө катары 4 485 гектар жер жана суу ресурсу менен кирет, ал эми Озбекстан ишкананын 50% дамба менен кирет деп жазып койсо эң туура болмок. Бул ойду улай,  келишимге Кыргызстанга эки өлкөнүн дыйкандарын үзгүлтүксүз суу менен камсыздандыруу жүктөлөт, ал эми Өзбекстанга  дамбанын жардамы менен эки өлкөнүн дыйкан чарбаларына суу жеткирип берүү жүктөлөт деп жазып койсо да артыкча болбос деп ойлойм.

Келишимде Кемпир-Абаддын тегерегинде жайгашкан кыргызстандык ГЭСтер, кум чыгарып сатуучу заводдор ж.б. статусу кандай болоору белгисиз болууда. Кыргызстан Кемпир-Абаддан толугу менен кол жууса, анда туризмди өнүктүрүү жаатында утулабыз. Себеби, Кемпир-Абад бизде болсо, Кыргызстан суу сактагычтын тегерегин эс алуучу зона деп жарыялап, жаштар үчүн миңдеген иш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк алат деп ойлойм.

Бул маселеде Кыргызстан менен Өзбекстан сүйлөшүүлөрү суу, 4 485 гектар күрүч талаасы жана дамбанын тегерегинде болгон болсо, бул  эки өлкөгө бирдей пайда алып келмек деп ойлойм. Төмөндө бул маселени чечүүдө эки өлкө үчүн алда канча ыңгайлуу шарт катары  карап көрүүгө бир-эки вариантты  сунуштап көрөлү:

Кыргызстанда суу ресурсу, күрүч талаасынын орду, ал эми Өзбекстанда дамба бар. Кыргызстан сууну сатпастан, аны эски күрүч талаасынын ордуна чогултат, Өзбекстанды суу менен бекер камсыз кыла алат. Өзбекстан болсо, дамбаны чогуу пайдаланууну камсыз кылат.

  • Кыргызстан курулбай калган канал, Сох суу сактагычын ж.б. обьектилер үчүн өзбек тарапты кечирет. Өзбекстан бардык артылган доолорун токтотот.
  • Кыргызстан курулбай калган канал, Сох суу сактагычын ж.б. обьектилер үчүн өзбек тарапты кечирет. Өзбекстан дамбанын 50% Кыргызстанга өткөрүп берет.
  • Кыргызстан суу жана 4 485 суу толтурулуучу жер менен эки өлкө биргелешип куруп жаткан ишканага кирет. Дамбанын кайсы бир бөлүгүнө ээлик кылат. Өзбекстан дамбанын өзүнө таандык бөлүгү менен кирет. Эки өлкө ишкананы 50% жана 50% кылып бөлүп алып иштетишет.
  • Кыргызстан дамбаны суунун (белгиленген убакыт өлчөмүндө) баасына же гранттын негизинде же жарым-жартылай (50%), же толугу менен сатып алат. Кыргызстан Өзбекстанга сууну бекер берет, дамбаны чогуу пайдаланышат.

Жогорудагылардан улам, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Кемпир-Абад келишими каралып жатканда өйдөдө айтылган маселелерди эске алып, тыкыр карап, туура чечип алуу абзел.

Албетте, бул маселе боюнча изилдөөлөр жана тактоолорду жүргүзүүдө КР Президентинин стратегиялык изилдөөлөр институту, КР ЖК спикери жана парламенттин депутаттарынын мүмкүнчүлүктөрү зор. Ошондой болсо да, биз жогоруда Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча Келишимдин оош-кыйыш жактарын бир аз болсо да өз мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша анализдеп чыктык. Бул маселе ЖКда каралганда  жогоруда айтылган ой-пикирлер, сунуштар эске алынат го деп үмүттөнөбүз.

Чек ара маселеси дайыма өтө оор чечилүүчүлөрдөн болуп эсептелет. Мисал катары алыс барбай Каркыра үчүн болгон Аксы окуяларын алалы. А. Акаев бул трагедиядан кийин Каркыра маселесинин ЖКдан ратификация мөөнөтүн кийинкиге калтырганы менен, ал 2005 –жылкы революцияга детонатор болуп берип, бийлик кулаган. Мындан башка Югославия жана андан бөлүнүп чыккан өлкөлөрдүн тажрыйбасын алсак болот. Бул өлкөлөр ортосундагы чек ара маселелерин чечүүнү өз мойнуна алган президенттердин баарынын коомдогу рейтинги жана таасири түшүп,   элдин ишениминен ажыраган. Айрымдары бүгүнкү күнгө чейин тиги же бул жердин башка өлкөнүн пайдасына өтүп кеткени үчүн өзүнүн күнөөлүү эмес экендигин далилдей албай убара болуп келет.

Кыргызстанда саясий температура жана абал чагылгандай тез өзгөрүп тураарын эске алсак, анда биз чек ара маселесин шашпай кылдат чечип алуубуз абзел деп ойлойм. Келечекте Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча келишим КР Президенти, Жогорку Кенеши ж. б. өлкөнүн саясий институттарынын деңгээлин түшүргөн келишимдердин бири болуп калбаш үчүн, анын алдын алып, бардык  аракеттерди жумшап, маселени тыкыр карап, так жана туура чечип алуу ар бирибиздин парзыбыз.

Табылды Акеров, саясат таануучу, доцент, тарых илимдеринин кандаидаты

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: