Menu

УТРК жана НТС каналы “Азаттыктын” радио, телеберүүлөрүн обого чыгарууну токтотту

Бөлүшүү:

Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) Биринчи радиосу жана НТС каналы “Азаттыктын” теле жана радиоберүүлөрүн обого чыгарууну токтотту.

Биринчи радио техникалык себептерден улам деген жүйө менен “Азаттыктын” берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. Алардын “Азаттыкка” жөнөткөн расмий катында спутниктен сигналды кабыл алган жабдык (UMH 160 R) иштен чыккандыгына байланыштуу берүүлөр обого чыкпай турганы айтылат.

13-ноябрдан тартып “Азаттыктын” теле жана радиоберүүлөрүн НТС каналы жана анын алдындагы “Санжыра” радиосу обого чыгарбай калды. Муну мекеменин жетекчилиги оозеки билдирген жана анын себептерин түшүндүргөн эмес. Эмненин негизинде мындай чечим кабыл алынганы расмий айтыла элек. “Азаттык” НТСтин жетекчилигине кайрылып, соңку жагдай тууралуу расмий түшүндүрмө сурады.

НТСтин жетекчиси Айдай Ивакова 13-ноябрдын кечинде редакция менен байланышып, “Азаттык” радиосунун “уктуруу, көрсөтүүлөрүн силер мамлекет менен маселеңерди чечишмейинче кое албайт экенбиз” деген маалыматты айтуу менен чектелген. Кимден көрсөтмө алганы жана эфирди токтотууга эмне негиз болгону, ал үчүн тиешелүү расмий кагаздын бар-жогун маалымдай албай турганын айткан.

13-ноябрда “Азаттык” Ивакова менен байланышканда, “себебин мен деле толук билбейм” деген жооп узатып, маалыматты дүйшөмбү күнү тактап бере турганын билдирген.

“Азаттыктын” таңкы жана кечки радио берүүлөрү “Санжыра” аркылуу 2018-жылдан тартып обого чыгып турган.

Мындан тышкары “Данисте”, “Эже-сиңдилер”, “Азаттык+” жана “Бийлик сырлары” телепрограммалары НТС телеканалынан чыгып келген.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. 27-октябрда министрликтин адистери “Азаттык Медианы” каттоо тууралуу документтерин текшерип, көчүрмөлөрүн алып кеткен.

31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн.

2-ноябрда “Демирбанк” эсеп “Террористтик ишмердикти каржылоого жана кылмыштуу кирешени легалдаштырууга (адалдаштырууга) каршы туруу жөнүндө” мыйзамдын 14-беренесине ылайык бөгөттөлгөнүн билдирип, бул боюнча Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгын кызматына кайрылууну сунуш кылган.

Финансылык чалгын кызматы, Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) расмий жооп бере элек.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “Азаттык” радиосу ишенимдүү маалымат булагы экенин жана ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин айткан.

“Журналисттерди коргоо комитети” (Committee to Protect Journalists – CPJ) эл аралык укук коргоо уюму кыргыз бийлигин “Азаттык Медианын” сайтына жана банктагы эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алууга чакырды. Уюмдун 4-ноябрда тараткан билдирүүсүндө “Азаттыктын” ишине тоскоолдук кылуу аракеттери токтотулушу керектиги жазылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: