Menu

Өзбек парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Бөлүшүү:

14-ноябрда Өзбекстан парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрдү.

Жыйын палатанын “Ютубдагы” каналына жарыяланды. Документти парламенттин 100дөн ашык депутаты дароо үч окууда колдоду. Долбоор тууралуу Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов маалымат берип, чек ара боюнча сүйлөшүүлөр оңой болбогонун айтты.

“Кошуна мамлекеттер менен чек ара маселесинде сүйлөшүү оңой болбой жатат. Узакка созулган талаш-тартыш жана машакаттуу жолдор менен чек араны кадамдап өлчөп, бир канча жолу өкмөттөр аралык жолугушууларды өткөрүп, архивдик документтерди карап, ошондон кийин сунуштар даярдалууда. Урматтуу президентибиздин кошуна Кыргыз Республикасы менен өз ара достук алаканы бекемдөө жаатындагы демилгелеринин негизинде чечими табылбай жаткан 35 участканы, жалпы узундугу 302 чакырымды тактоо жараяны акыркы баскычка жетти. Бул келишимге жетүүгө беш жылдан ашуун убакыт короттук. Бүгүн силерге сунушталган мыйзам долбоору менен тастыкталып жаткан келишимге оңой жетишилген жок. Кол коюлган макулдашууда республикабыз үчүн стратегиялык мааниге ээ бир катар зарыл көйгөйлөр чечилүүдө”, – деди Абдулла Арипов.

Эми мыйзам долбоору Сенатка жөнөтүлөт.

3-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге, өкмөттөр ортосундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга, суу чарба маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшкан.

Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоорун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 31-октябрда көпчүлүк добуш менен жактырган.

Бул комитет 15-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо боюнча макулдашуунун долбоорун карайт деп күтүлүүдө.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча макулдашуу тууралуу мамлекеттик “Кабар” агенттигине курган маегинде кош башкарууда “кыргыз тарап эч кандай чыгым көтөрбөй турганын” билдирген.

Макулдашууга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган.

Кыргызстанда Кемпир-Абад ишине байланыштуу “массалык башаламандык уюштурууга даярданды” деген шек менен камакка алынгандардын саны 26га жетти. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат. Буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычына жакын жайгашкан Өзгөн районунда нааразылык акциялары өткөн.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: