Menu

Милиция Азиза Абдирасулова менен Сапар Аргымбаевди төрт сааттан кийин бошотту

Бөлүшүү:

15-ноябрда Бишкектеги Ак үйдүн алдындагы акция учурунда кармалган укук коргоочу Азиза Абдирасулова жана Сапар Аргымбаев төрт сааттан кийин бошотулду.

Алар кармалгандан кийин Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген. Абдирасулованы шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Тилек Түкөбаев баш болгон милиция кызматкерлери кармап кеткен.

Экөөнө тең Укук бузуулар кодексинин 128-беренеси, “Милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө” беренесинин негизинде протокол толтурулгандан кийин кое берилген.

Сапар Аргымбаев “спирт ичимдигин ичти” деген жүйө менен Республикалык наркология борборунан текшерүүдөн өткөнүн, бирок жыйынтыгы терс чыкканын маалымдады.

Абдирасулова кармоону өзүнүн позициясы менен байланыштырды, милиция бөлүмүндө отурганда кан басымы көтөрүлүп кеткенин, кант диабети оорусу да козголгонун айтууда. Ага “Тез жардам” кызматы чакыртылып, биринчи жардам көрсөтүлдү.

“Мага бир күн мурун укук коргоо кызматкери кезигип, эскертүү берген. Мындан улам Кемпир-Абад боюнча бүгүнкү акцияга катышуу ниетим жок эле, нааразы болгондор Ак үйдүн алдынан кеткенден кийин гана ошол жерден өтүп бараткам. “Мен акцияга катышкан жерим жок” дегениме карабай, Түкөбаевдин көрсөтмөсү менен мени күчтөп кармап, милицияга алып келишти. Төрт саат ичинде сурак да болбоду. Эмне себептен мени кармаганын тыңгылыктуу түшүндүрүшкөн да жок. Себебин мен билип эле турам, “ПолитКлиника” сайтына бийликти сындап маек кургам, ал кечээ чыгары менен келип эскертүү беришти, бүгүн күч колдонуп кармашты”,- деди Азиза Абдирасулова.

Ал 14-ноябрдын кечинде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) 10-бөлүмүнүн башчысы Шумкарбек Сулайманов аңгемелешүүгө чакырып, Фейсбукта жазган билдирүүлөрү үчүн эскертүү бергенин жарыялаган.

15-ноябрда парламенттин алдында Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекекстанга берүүгө каршы акцияга 30дай киши чыкты. Милиция ал жерде акция өткөрүүгө соттун чечими менен тыюу салынганын билдирип, акция Максим Горький атындагы гүл бакта уланды.

Кыргызстанда Кемпир-Абад ишине байланыштуу “массалык башаламандык уюштурууга даярданды” деген шек менен буга чейин 26 киши камакка алынган. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: