Menu

УКМК: «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын» бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын УКМК Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияга каршы күрөшүү жана ага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, маршруттук таксилердин айдоочуларынан системалуу түрдө опузалап акча каражатын талап кылууда көрсөтүлгөн туруктуу коррупциялык схема аныкталды.

 Кезектеги 15 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» мамлекеттик мекемесинин эксплуатация бөлүмүнүн башчысы М.К.Ж. кармалды.

 Тергөөнүн жүрүшүндө, кармалган М.К.Ж., мыйзамсыз киреше алуу жана баюу максатында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, линиялык жүргүнчү ташуучу автобустардын айдоочуларынан акча өндүрүү боюнча коррупциялык схеманы уюштургандыгы аныкталды.

 Мындан тышкары, М.К.Ж. айдоочуларга дайыма психикалык кысым көрсөтүү жана коркутуу жолу менен, ошондой эле каттамдан четтетүү же жумуштан кетирем деп айдоочулардан акча каражатын талап кылып турган.

2022-жылдын 15-ноябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча М.К.Ж. кармалып, шектүү катары Кыргыз Республикасынын УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

  Тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: