Menu

Кимсанбай ажы Абдурахманов дүйнө салды – некролог

Бөлүшүү:

Өлкөбүздүн диний чөйрөсү оор жана орду толгус жоготууга учурады.

Ушул жылдын 22-ноябрында 82 жаш курагында Кыргызстандын мусулмандарынын туңгуч муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахманов дүйнө салды.

Кимсанбай ажы Абдурахманов 1940-жылдын 10-июлунда Өзбекстандын Фергана облусундагы (Кыргызстандын Баткен шаарынан 15 километр алыстыктагы) Жанабад айылында жергиликтүү кыргыз үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген.

Ал 1957-жылы орто мектепти аяктап, 1959-жылы Өзбекстандын Бухара шаарындагы Мир-и Араб Ислам медресесине окууга кирген.

1962 — 1966-жылдары Советтер Союзунун Ыраакы Чыгышындагы Деңиз флотунда аскердик кызмат өтөп, аскерден кайткандан кийин Мир-и Араб Ислам медресесиндеги окуусун улантып, аны 1971-жылы ийгиликтүү бүтүргөн.

1971 — 1976-жылдары Ташкентеги Борбордук Азия жана Казакстан мусулмандарынын Дин башкармасында «Советтик Чыгыштын мусулмандары» журналынын редакциясында адабий кызматкер болуп эмгектенген.

1976 — 1980-жылдары ал Иорданиянын борбору Амман шаарындагы Иордан мамлекеттик университетинин Шарият факультетинде окуп, аны ийгиликтүү бүтүрүп, Иорданиянын падышасынын колунан Ислам шариатынын адиси деген дипломду алган.

1980 — 1982-жылдары «Советтик чыгыштын мусулмандары» журналынын редакциясында журналдын араб тили жана өзбек варианттарынын редактору болуп иштеген.

1982 — 1986-жылдары Кимсанбай ажы Бухарадагы Мир-и Араб Ислам медресесинин директору болуп иштейт.

1987-1989-жылдары Борбордук Азия жана Казакстан мусулмандарынын Дин башкармасынын «Фатва» бөлүмүндө эмгектенген, 1990-жылдын мартынан 1992-жылдын сентябрына чейин Кыргызстан мусулмандарынын казыятынын төрагасы — казы кызматын ээлеген.

1992-жылдын август айынын аягында Кыргызстан мусулмандарынын 1-Курултайы болуп, эгемендүү Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы түзүлүп, анын төрагасы — Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи болуп Кимсанбай ажы Абдурахманов дайындалган.

Муфтий Кимсанбай ажы 1990-жылдын сентябрында Бишкек шаарында Кыргызстандагы туңгуч ислам медресесин ачкан. Бул медресени 1993-жылы Ислам инситутуна айландырып, окуу программаларын да жогорку денгелге көтөрүп, ага «Азрети Али» атын берген. Ушул жылы Кимсанбай ажынын демилгеси менен Кыргызстандын региондорунда да ислам медреселери ачылып иштей баштаган. 1991-жылы Кимсанбай ажы баш болгон 450 киши биринчи жолу Кыргызстандан Саудия Аравияга ажылыкка барган. Ушул жылы муфтий Кимсанбай ажынын демилгеси менен даргин улутундагылар жашаган айылда ислам медресеси жана Курани Каримди жаттоо ишин багыттаган каарылар медресеси ачылып, иштей баштаган. Муфтий Кимсанбай ажы Бириккен Араб Эмираттарындагы белгилүү шейхтердин бири менен сүйлөшүп, Бишкек шаарында жаңы стилдеги борбордук мечитин курууга жардам сурап, аталган борбордук мечит 1995-жылдын октябрь айында бүткөрүлгон. Азыркы күндөрдө да ал мечит борбордук мечит катары болуп саналат.

1994-жылы Азирети Муфтий Кимсанбай ажынын аракети менен Сауд Аравиядагы Ислам банкы борбордук мечиттин жанындагы чоң имаратты сатып берген.

1996-жылы Кимсанбай ажы Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармасын жана «Азрети Умар» институтун учурдагы Гоголь, 57 дарегиндеги имаратка көчүргөн. Азыркы мезгилде дал ушул имаратта Диний башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университети бар.

Азирети муфтий Кимсанбай ажынын аракети астында 1990-жылга чейинки Кыргызстандагы 39 мечиттин саны миңден ашты. «Азирети Умар» Ислам институтунда Египеттен келген араб мугалимдер араб тилинен сабак бере баштаган. 1996-жылдын декабрында Кимсанбай ажы Кыргызстандын Муфтийи кызматынан алгачкы жолу бошоду. 2000-жылдан 2003-жылдын сентябрына чейин Кимсанбай ажы экинчи жолу Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи болуп кызмат өтөгөн. 2004 — 2007-жылдары Кимсанбай ажы Бишкек шаарындагы Махмуд Кашкарий мечитинде имам–хатиб болуп иштеген. 2008-жылдын апрелинен баштап Бишкек шаарындагы жаңы курулган Мусакан төрө мечитинде имам–хатиб (башкы имам) болуп үзүрлүү кызмат өтөгөн.

Кимсанбай ажы Абдурахмановдун жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.
Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус жоготуунун оор кайгысын бирге бөлүшөбүз.

С. Н. Жапаров, Н. Т. Шакиев, А. У. Жапаров, З. К. Базарбеков, С. С. Касмамбетов, А. А. Касымалиев, К. К. Ташиев, Б. Э. Торобаев, Э. Ж. Байсалов, М. М. Иманкулов, А.Дж. Джунушалиев, М. К. Укушов, Н. А. Сулайманкулов, А. Н. Исанов, К. Т. Зулушев, У. О. Ниязбеков, К. Б. Базарбаев, А. Ж. Бешимов, Т. Ж. Абдыкаров, З. Ракиев, А. М. Масалиев, А. Нарматов, К. Маликов жана башкалар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

+ 11 = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: