Menu

Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечими чыгып, аны сот залынан кармап кетишти

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык сотунда бүгүн, 23-ноябрда иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечими чыкты. Аны дароо сот залынан кармап, алып кетишти.

Бир нече айып тагылган журналисттин ишин алгач Бишкектин Свердлов райондук соту караган. Райондук соттун өкүмүнө нааразы болгон прокуратура шаардык сотко кайрылган.

28-сентябрда Свердлов райондук сотунда судья Акылбек Адимов Темировго маңзат боюнча коюлган айып негизсиз экенин айтып, аны актаган. Алган паспорту менен чек арадан өткөнү мыйзамдуу болгонун билдирип, ал боюнча да актоо чечимин чыгарган. Судья Темировго тергөөчүлөр койгон айыптарга далил көрө албаганын белгилеген. Ал эми документ жасалмалоо деген берене боюнча айыптуу деп таап, бирок жаза чарасы чегерилбей турганын билдирген.

Ага чейинки отурумда мамлекеттик айыптоо сотко Темировду беш жылга жалпы тартиптеги колонияга камоону сунуш кылган. Прокурор Мээрим Алиева аны өлкөдөн чыгаруу тууралуу да маселе көтөргөн.

Бүгүнкү отурумда да прокурор соттон Болот Темировду күнөөлүү деп таап, Кыргызстандан чыгарууну өтүндү.

Болот Темиров бүгүнкү отурумдагы акыркы сөзүндө күнөөсү жок экенин дагы бир жолу айтып, ага карата иш козгогон жана айып таккан күч органдарын акыйкат иштөөгө чакырган.

Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармап, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон.

Анын алдында Болот Темировдун Ютубдагы Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Ташиевдин аты аталган.

Ошол эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Темировго жана Назаровго карата иш Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон.

Журналистке “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” деген эки берене да кошулган.

Тергөөнүн материалдарында Темировдун аскердик билети Орусиянын жаранына таандык экени жазылган.

УКМК жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке бут тосуу болуп жатканы тууралуу айыптарды четке каккан.

Президенттин басма сөз кызматы бийлик иликтөөчү журналисттерге колдоо көрсөтөрүн билдирген.

Төкмө акын Болот Назаров Ютуб каналына жемкорлукту ашкерелеген чыгармаларын жарыялап келет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: