Menu

“Росатом” Кыргызстанда курулуучу атомдук станциянын негиздемесин даярдайт

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Энергетика министрлиги жана Орусиянын “Русатом Энержи Прожект” акционердик коому (“Росатом”) менен кызматташуусу жөнүндө документке кол коюшту. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.

Макулдашууга ылайык, “Росатом” Кыргызстандын аймагында курулуучу чакан атомдук станциянын техникалык-экономикалык негиздемесин даярдайт. Сочиде өткөн “АТОМЭКСПО-2022” эл аралык форумунда документке энергетика министри Таалайбек Ибраев менен “Росатомдун” өкүлү Андрей Рождествин кол койгон.

Жыл башында Энергетика министрлиги Орусиянын “Росатом” корпорациясы менен биргеликте Кыргызстанда чакан атом электр станциясын куруу боюнча меморандумга кол койгону белгилүү болгон. Азырынча курулуш жөнүндө кенен маалымат бериле элек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: