Menu

Жогорку Кеңеш депутат Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылышын мыйзамсыз деп тапты

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүнө байланыштуу маселени караган депутаттык комиссия ишин жыйынтыктап, анын корутундусун бүгүн 1-декабрда парламент жабык талкуулады.

Натыйжада кабыл алынган токтомдо Министрлер кабинетинин төрагасына президенттин Иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Элмира Усенованы иштен алуу маселесин кароо сунушталды.

Ошону менен катар Иш башкармалыгынын жетекчилери Өмүрбек Бакировдун депутаттык кол тийбестигин одоно бузгандыгы белгиленип, Башкы прокуратурага аларга карата жазык мыйзамдарына ылайык катуу чара көрүү тапшырмасы берилди.

Бакировдун өзү журналисттерге “Бул жерде маселе кабинетте эмес, депутаттын жеке иш бөлмөсүнө мыйзамсыз кирген адамда болуп жатканында” деп, токтом тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:

“Анда менин кабинетиме мыйзамсыз кирип, кагаздарымды чыгарып салган адамга укуктук баа берилсин деп жазылды. Менин иш бөлмөмдү алууга эч кимдин укугу жок. 2021-жылы декабрда келгенибизде депутаттык комиссия түзүлүп, бөлмөлөр фракция лидерлерине бөлүнүп берилген. Фракция лидерлери бизге, депутаттарга бөлүп берген. Чечим бүгүнкү күндө күчүндө”.

Депутат анын иш бөлмөсүнө башка депутат киргени тууралуу маалыматты төгүндөп, “Кабинет жабык турат. Буюмдарымдын жарымы ошол жакта, жарымы кайсы кабинетте экенин билбейм. Азыр кесиптештеримдин иш бөлмөсүндө иштеп жатам” деп айтты.

Бакировдун Ак үйдүн 7-кабатындагы кызматтык бөлмөсү өткөн аптада алмашкан. Анын алдында Элмира Усенованын колу коюлган кат жарыяланып, анда “Жогорку Кеңештин ишин оптималдаштыруу жана жумуш орундарын иретке салуу максатында 7-кабаттагы 705-бөлмөнү 18-ноябрда саат 13:00гө чейин бошотууңузду өтүнөм” деп жазылган. Катта эл өкүлүнө башка бөлмө берилери да көрсөтүлгөн.

Интернеттеги социалдык түйүндөрдө депутаттын кызматтык бөлмөсүнөн буюм-тайымдары сыртка чыгарылып койгону тартылган видеолор, бул окуя Бакиров 17-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасы талкууланып жатканда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткенден кийин болуп жатканы тууралуу комментарийлер жарыяланган.

Жогорку Кеңеште эки күндүк кызуу талаш-талкуудан кийин 24-ноябрда Бакировдун иш бөлмөсү алмашкан окуяны иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: