Menu

АКШ Мамкатчысы кыргыз-өзбек чек ара келишимин кубаттады

Бөлүшүү:

Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 12-декабрда Вашингтондо Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норовду кабыл алып, кыргыз-өзбек чек арасындагы макулдашылган келишимди кубаттай турганын айтты.

“Мен ар дайым АКШ Өзбекстандын аймактык бүтүндүгү менен эгемендигин кубаттай турганын билдирем. Чындап эле Өзбекстан Кыргызстан менен чек арасын демаркациялоого жетишкени үчүн кол чапкым келет. Бул аймактагы башка өлкөлөргө чек ара маселесин дипломатиялык жол менен чечүү мүмкүн деген күчтүү сигналды берет. Диний ишенимге эркиндик, мажбурлап иштетүүнү токтотуу боюнча Өзбекстан жүргүзүп жаткан реформаларды баалайм, Ооганстан тууралуу да талкуулай турган маселелер көп”, – деди Блинкен.

12-14-декабрда Владимир Норов АКШга барып, Өзбекстан менен АКШнын стратегиялык өнөктөштүк диалогу аттуу жыйынга катышат.

Буга чейин Кыргызстандын жана Өзбекстандын президенттери кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга кол коюшкан.

Процедурага ылайык, мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Ратификациялоо маселеси Жогорку Кеңеште 17-ноябрда дароо үч окууда каралып, кабыл алынган. 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берген.

Өзбек парламенти – Олий Мажлистин Сенаты келишим менен макулдашууну 18-ноябрда жактырган. Документке 100 сенатордун баары бир добуштан макул болушкан.

Кыргызстанда Кемпир-Абад ишине байланыштуу “жапырт башаламандык уюштурууга даярданды” деген шек менен 30дай адам камакка алынган. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу “чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын” билдирип келет. Укук коргоочулар жана эл аралык коомчулук кармалгандарды бошотууга үндөп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: