Буга чейин маалымдалгандай, ушул жылдын август айында Бишкек шаарындагы унаага май куйган жайдын аймагында белгисиз адамдар унаанын ээсине күч колдонуп, коркутуп, денесине залал келтирүү жолу менен “Мерседес-Бенц G400” (Гелендваген) үлгүсүндөгү унааны айдап кетишкен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин 2-бөлүмү “Күч колдонуу менен автомототранспорт каражатын айдап качуу” боюнча кылмыш иши козголгон. Кийинчерээк ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан бул мыйзамсыз иш-аракетке тиешеси бар мурда соттолгон үч адам кармалган. Көп өтпөй уурдалган унаа табылып, ээсине кайтарылган.
Кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Бир күн мурда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар төртүнчү шектүү Жалал-Абад облусунун 1995-жылы туулган М.уулу Ш. кармашкан. Ал уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат жана мурда бир нече жолу соттолгон. Кармалган жаран Бишкек шаарынын аймагында изин жашырып жүргөн. Жаран М.уулу Ш. Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, андан соң Октябрь райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.
Азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ