Menu

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Алимбек Абдылдаев кармалды

Бөлүшүү:

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри (А.А.А.) кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, 2019-2021-жылдар аралыгында “Бишкексвет” муниципалдык ишканасынын жетекчилиги материалдык пайда алуу үчүн, ишканадан көп өлчөмдө бюджеттик каражатты мыйзамсыз чыгарып турганы аныкталган. Ошондой эле тергөө “Бишкексветтен” 2 млн. 300 миң сом уурдалганын тактаган.

2016-2019-жылдары “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын жетекчилеринин уруксат берүү жана курулуш объектилерин жылуулук тармактарына кошуудагы мыйзамсыз иштеринен “Бишкекжылуулукэнерго” 31 млн. сомго жакын зыян тарткан.

Бул коррупциялык иштер болгон учурда муниципалдык эки ишкананы А.А.А. жетектеп турган. Ал кийин Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри кызматын да аркалаган. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Атайын кызмат анын толук аты-жөнүн жарыялаган жок. Бирок УКМК тараткан инициал Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Абдылдаев Алимбек Анарбековичтин аты-жөнүнө туура келет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: