Menu

УКМК: Коңшу өлкөдөн 1000 литр спирт ичимдиктерин аткезчилик жол менен алып кирген КР жарандары кармалды

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 17-декабрынан 18-декабрына караган түнү КР УКМК Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан аткезчиликке каршы күрөшүүгө багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Лейлек районунда коңшу өлкөдөн Кыргыз Республикасынын аймагына спирт ичимдиктерин ташыган Кыргыз Республикасынын жарандары кармалды.

КР УКМК чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Лейлек районунун Алга айылынын аймагынан, мамлекеттик чек ара сызыгына жакын жерден УАЗ “Хантер” үлгүсүндөгү унаа кармалган. Унаанын ичинде Кыргыз Республикасынын эки жараны А.С.А. жана Н.А.М. болгон. Текшерүү учурунда унаанын ичинен спирттик ичимдиктери бар 3 челек табылган.

Жыйынтыгында бул жарандар аткезчилик жол менен алып өтүүгө тийиш болгон жалпы көлөмү 1000 литрдин 600 литр спирт ичимдиктерин мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандыгы аныкталды.

Чогулган материалдар маалыматтарды каттоо журналына катталып, анын алкагында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: