Menu

Камактагы дарыгерлер бир аптадан бери тергөө амалдары жүрө электигин айтышты

Бөлүшүү:

Наристенин өлүмүнө байланыштуу камалган дарыгерлер бир жумадан бери эч кандай тергөө иштери жүргүзүлбөй жатканын айтышты.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун маалыматына караганда, 3-январда борбордун өкүлдөрү Медицина кызматкерлеринин көз каранды эмес кесиптик кошуунунун төрайымы Бермет Барыктабасова менен бирге Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына кирип чыгышкан. Маалыматка караганда, ал жерде 23 адам отурат, алардын бешөө аял.

Балдардын тез жардам клиникалык ооруканасынын жана Эне-баланы коргоо боюнча улуттук борбордун беш кызматкери менен жолугушканда алар кыйноо же кандайдыр бир башка катаал мамиле болбогонун, бирок 28-декабрда камакка алынгандан бери эч кандай тергөө иштери жүрө электигин айтып беришкен.

Ичи ооруп, алгач Балдардын тез жардам клиникалык ооруканасына, андан соң Эне-баланы коргоо борборуна жеткирилип, ошол жакта былтыркы жылдын 14-ноябрында чарчап калган үч жашар наристенин өлүмүнө байланыштуу Ленин райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин “Медицина же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдетин талаптагыдай аткарбаганы” деген беренесинин негизинде кылмыш иши козголгонун, алты дарыгерге айып тагылганын, алардын бирөө үй камагына чыгарылып, калган бешөө камакка алынганын мекеменин басма сөз кызматы билдирген.

Айыпталып жаткандар азырынча бул боюнча комментарий бере элек.

Камакта отургандардын эң улуусу 67деги, эң кичүүсү 27 жаштагы медицина кызматкери.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: