Menu

Ош: Ала качууга кабылган кыз куткарылды

Бөлүшүү:

Ошто 23 жаштагы кыз уурдалып бараткан жеринен куткарылганын 4-январда журналисттерге облустук милициядан билдиришти. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 31-декабрда Кара-Суу районунун аймагында болгон.

Милиционерлер жол эрежесин бузуп, машинасын карама-каршы тилкеге чыгып айдап бараткан айдоочуну токтотууга аракет кылышканы менен ал Өзгөн тарапты көздөй катуу ылдамдыкта айдап кетип калган.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн милиция кызматкерлери машинанын артынан көзөмөл жүргүзүп, аны Кыргыз-Чек айылына жеткенде токтото алышкан. Ичинде 25 жаштагы эки бала жана 23 жаштагы кыз баратканы аныкталган. Кыз милиционерлерди көргөндө аны никеге туруу максатында Ош шаарынан Кара-Кулжа районуна күчтөп уурдап алып баратышканын айтып, жардам сураган.

Тийиштүү материалдар чогултулуп, териштирүү жүрүп жатканы маалымдалды.

Кыргызстанда кыз ала качуу – оор кылмыш. Мажбурлап никеге тургузуу үчүн адам уурдагандар жети жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Иликтөөлөр көрсөткөндөй, ала качууга дуушар болгондор милицияга сейрек кайрылат. Ала качуунун айынан кыздардын өмүрү кыйылган учурлар катталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: