Menu

УКМК: Украинадагы согушка катышып келген кыргыз жараны кармалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан тиешелүү иш-чаралардын алкагында Украинанын аймагында согуштук аракеттерге катышкан КР жараны К.у.А. аныкталды.

Такталгандай, К.у.А. Кыргыз Республикасынын жараны болуп, Украинанын аймагына көчүп келип, ал жердеги аскердик топтордун катарында аскердик операцияларга катышкан.

2023-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында К.у.А. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: