Menu

Орусия түрмөсүндө жазасын өтөп жаткан дагы бир тажикстандык Украинадагы согушта өлдү

Бөлүшүү:

Орусияда жазасын өтөп жаткан жана Украинадагы согушта көз жумган дагы бир тажикстандыктын сөөгү жакындарына берилди.

Туугандарынын айтымында, 47 жаштагы Булбул Давлатшоев 2007-жылдан бери мыйзамсыз маңзат жүгүртүү айыбы менен Санкт-Петербург түрмөсүндө жазасын өтөп жаткан, бирок Украинадагы согушта өлтүрүлгөн.

Хатлон облусунун Дусти райондук администрациясы бул маалыматты тастыктады, бирок кеңири түшүндүрмө берген жок.

Маркумдун туугандарынын биринин айтымында, Булбул Давлатшоев 2022-жылы 19-октябрда түрмөдөн Украинадагы согушка жөнөгөн. Бирок ал кандайча башка өлкөнүн согуш жүрүп жаткан аймагына жеткирилгени белгисиз.

Буга чейин “Вагнер” менчик аскердик компаниясынын курамында Украинага каршы согушка барган соттолуучулардын айрымдарына ырайым берилгени белгилүү болгон.

Украинада орус армиясы былтыр жаз айларында оор жоготууларга учурагандан кийин “Вагнер” компаниясы абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон. Соттолгондорду компаниянын жетекчиси, Путиндин санаалашы делген Евгений Пригожин өзү баш болуп азгырып жатканы тартылган видеолор жарыяланган.

Өткөн айда Орусиянын Ички иштер министрлиги “Вагнердин” Украинадан аннексияланган Луганск облусундагы машыгуу лагеринен качып кеткен алты жалданма жоокерине издөө жарыялаган жана алар буга чейин Орусиянын абактарында жаза өтөгөндөр экени маалым болгон.

Donday басылмасы качкандар кыргыз, беларус, орус жана үч өзбек жараны экенин, куралчан экенин жазган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: