Menu

КРнын Алматыдагы башкы консулдугу Казакстандын аймагында камкордуксуз калган 5 баланы Кыргызстанга кайтарды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу Казакстан Республикасынын бардык мамлекеттик органдары менен дайым байланышта болуп, ар кандай оор кырдаалга туш болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын кайрылууларына ыкчам чара көрүү, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча тиешелүү иштерди тынымсыз жүргүзүүнү улантып жатат.
2022-жылы ичинде Башкы консулдук тарабынан жарандарыбыздын мекенине кайтаруу боюнча иштер улантылып, кыргыз диаспорасынын жана Казакстан Республикасынын мамлекеттик органдарынын көмөгү менен турмуштук оор кырдаалга кабылган 30 жаранды Кыргызстанга кайтаруу иштерин алып барды. Алардын ичинен айрымдарынын жанында документтери жок болгондугуна байланыштуу дипломатиялык өкүлчүлүгүнө кайрыла алышкан эмес. Кайрылгандардын баарына консультациялык жардам көрсөтүлүп, зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасына тоскоолдуксуз кайтып келүү үчүн документтер берилген.
Ошондой эле, Башкы консулдук Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен биргеликте Казакстандын аймагында камкордуксуз калган 5 баланы Кыргызстанга кайтарган

Башкы консулдук тарабынан Казактан Республикасынын аймагында турмуштук оор кырдаалга кабылган Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштер улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: