Menu

Кыргызстан быйыл Казакстан менен Түркмөнстандан 2 млрд кВт/саат электр энергиясын импорттойт

Бөлүшүү:

2022-жылдын жылытуу мезгилинде Кыргызстандын электр энергиясын керектөөсү 15,9 млрд кВт/саатты түзсө, 2023-жылы бул көрсөткүч 16,6 млрд кВт/саатка жетип, ортодогу тартыштык 1,9 млрд кВт/саат болушу мүмкүн.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.

“Бул тартыштыкты кыскартуу максатында Казакстан менен Түркмөнстандан 2 миллиард кВт/саат электр энергиясын импорттоо боюнча келишимдер түзүлдү”, – деди Төрөбаев.

Бирок ал аталган өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттоо башталган-башталбаганын тактап айткан жок.

Төрөбаевдин айтымында, бүгүнкү күнгө карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10,6 миллиард куб метрди түзүүдө. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчкө салыштырмалуу 818 миллион куб метрге көп. Ошол эле маалда суук аба ырайына байланыштуу өлкөдө электр энергиясын пайдалануунун рекорддук көрсөткүчү байкалууда. Мындан улам Токтогул суу сактагычындагы суунун сарпталышы да көп болууда.

Сууктун түшүүсү менен Кыргызстандын түрдүү аймактарында электр энергиясын берүүдө мүчүлүштүктөр болуп, жарык өчүлүрүп жатканы тууралуу билдирүүлөр келүүдө. “Улуттук электр түйүндөр” ишканасы өлкөдө маал-маалы менен өчүрүүлөр болбогонун, бирок электр түйүндөр менен жабдууларга күч келгендиктен, жарык берүү үзгүлтүккө учурап жатканын билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: