Menu

Курманбек Бакиевдин жубайынын сөөгү Кыргызстанга алып келинди

Бөлүшүү:

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшова каза болду. Бул тууралуу маркумдун жердештери билдирди.

Ушу тапта Төлөмүшованын жакындарынын Казармандагы үйүндө акыркы сапарга узатууга даярдык көрүлүп жатат.

Жакындарынын айтымында, маркумдун сөөгү 17-январда учак менен Кыргызстанга жеткирилди. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 18-январда болору, сөөгү өзү туулуп-өскөн Тогуз-Торо районунда жерге берилери кабарланууда.

Маалыматка ылайык, 47 жаштагы Төлөмүшова Минск шаарында оорудан улам каза болгон. Аны тажыясына Курманбек Бакиевдин катышары же катышпары азырынча кабарлана элек.
Назгүл Төлөмүшова Бакиевдин экинчи жубайы. 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Бакиев менен бирге өлкөдөн качып кетип, Беларустан башпаанек табышкан.
2016-жылы орусиялык басылмалар Назгүл Төлөмүшова Беларус баш калаасындагы “Минск” мейманканасын башкарып жатканын жазып чыгышкан.

Курманбек Бакиев 2005-жылдагы Март ыңкылабында бийликке келип, 2010-жылдын 7-апрелинде 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен. Ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт.
Бакиевге жана жакындарына онго жакын факты боюнча айып тагылган. Курманбек Бакиев сыртынан соттолуп, 30 жылга эркинен ажыратылган. Негизги айыптоо 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы кан төгүлгөн окуяга байланыштуу коюлган.
Былтыр Кыргызстандын баш прокурору Курманкул Зулушев Ошто эл менен жолугушууда Бакиевге байланыштуу суроого жооп берип, мурдагы президент Кыргызстанга келгенге эрки жетип, тергөөгө көрсөтмө берүүнү чечсе, ага эч ким тоскоолдук кылбай турганын билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: