Menu

ИИМ: Кызматкерлеринен системалуу түрдө пара алып жүргөн милициянын начальниктери кармалды

Бөлүшүү:

Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына Таш-Кѳмүр шаардык күзѳт бѳлүмчѳсүндөгү мыйзамсыз иш-аракеттер тууралуу ыкчам маалыматтар түшкөндүгүнө байланыштуу атайын ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Текшерүү жана иликтөөлөрдүн жүрүшүндө ИИМдин Күзѳт кызматынын Таш-Кѳмүр шаардык күзѳт бѳлүмчѳсүнүн начальниги милициянын майору Н.С. жана күзѳт бѳлүмчѳсүнүн взвод командиринин орун басары милициянын прапорщиги С.Т. экѳѳ ѳздүк курамдан системалуу түрдѳ опузалап акчаларын алып жүрүшкөндүгү аныкталган. Таш-Кѳмүр шаардык күзѳт бѳлүмчѳсүнүн бир катар кызматкерлери бул фактыны тастыкташып беришкен.
Аталган факты боюнча ИИМдин Тергѳѳ кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси менен (пара алуу) кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.
Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы тарабынан Жалал-Абад облусунун аймагында ыкчам иштерин жүргүзүү учурунда Таш-Кѳмүр шаардык Күзѳт бѳлүмчѳсүнүн начальниги Н.С. жана  Таш-Кѳмүр шаардык күзѳт бѳлүмчѳсүнүн взвод командиринин орун басары С.Т. кармалып, ИИМдин Тергѳѳ кызматына жеткирилген. Алар Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Баш коргоо чарасы жакын арада аныкталат. Аталган факты боюнча козголгон кылмыш ишин ИИМдин Тергѳѳ кызматы жүргүзөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: