Menu

ТИМ 2022-жылы ата мекендик 154 продукцияны чет мамлекеттердин рынокторуна экспорттоого багытталган экономикалык иш-чараларды өткөрдү

Бөлүшүү:

Кечээ, 19-январда «Кабар» КУМАнын басма сөз борборунда 2022-жылдагы тышкы саясий ишмердиктин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М. Кулубаев менен жергиликтүү жана чет элдик массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда маалымат жыйыны болуп өттү.

Пресс-конференциянын жүрүшүндө КРдин Тышкы иштер министрлигинин башчысы министрликтин 2022-жылы аткарган иштери боюнча кеңири баяндама жасады. Тактап айтканда, министр жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө тышкы саясий ведомство тарабынан жакынкы жана алыскы чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо, суу дипломатиясы, чет өлкөдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына тиешелүү башка маселелер боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Министр белгилегендей, 2022-жыл Кыргызстан үчүн маанилүү тышкы саясий жана конструктивдүү дипломатиялык байланыштарга бай болду, тактап айтканда, бийик жана жогорку деңгээлдеги 116 сапар жана иш-чара ишке ашырылып, 972 көп тараптуу эл аралык келишим менен документке, 82 эки тараптуу эл аралык келишим менен документке кол коюлду. Мындан тышкары, министр Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын IV Консультативдик жолугушуусу ийгиликтүү өткөндүгүн, Бишкекте Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын өткөндүгүн, 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине Кыргыз Республикасынын шайлангандыгын, ошондой эле биздин өлкөнүн катышуусу менен уюштурулган башка тышкы саясий иш-чараларды белгилеп кетти.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын жалпыга маалымдоо каражаттары менен жолугушуусу 1,5 саатка созулуп, анда министр Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен өз ара аракеттенүүсү, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жетекчилеринин ишмердүүлүгү, транспорттук-логистикалык долбоорлор, ошондой эле чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо сыяктуу суроолорго кеңири жооп берди.

Эмгек мигранттарына укуктук жардам көрсөтүү боюнча суроого жооп берүүдө министр Ж.Кулубаев Россия Федерациясынын Федералдык миграция кызматынын “кара тизмесине” кирген 47 миңден ашык кыргызстандык чыгарылып, Украинадагы аскердик аракеттерге байланыштуу Кыргыз Республикасынын 300дөн ашуун жаранын эвакуациялоого көмөк көрсөтүлүп, Казакстандагы январь окуясында Кыргыз Республикасынын 300дөн ашык жаранын бошотууга жардам көрсөтүлгөндүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, журналисттерди министрлик жүргүзгөн экономикалык дипломатиянын жыйынтыгы тууралуу маселелер кызыктырды. КРдин Тышкы иштер министрлигинин башчысы жалпыга маалымдоо каражаттарына 2022-жылы 465 экономикалык иш-чара өткөрүлгөндүгү, анын 230у чет элдик инвестицияларды тартууга көмөктөшүүгө, 154ү ата мекендик продукцияны чет мамлекеттердин рынокторуна экспорттоого, 61и туризмди өнүктүрүүгө багытталгандыгы тууралуу маалымдады.

Тышкы иштер министрлигинин башчысы ошондой эле 2023-жылга пландаштырылган иш-чараларга жана өлкөнүн тышкы саясатынын жакынкы жана узак мөөнөттүү келечектеги артыкчылыктуу багыттарына токтолду.

Иш-чарага 30дан ашуун жергиликтүү жана чет элдик басылмалардын өкүлдөрү катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: