Menu

Орусияда абакта отурган кыргызстандык Украинада согушта каза болду

Бөлүшүү:

Кыргызстандын жараны, Ноокен районундагы Рахманжан айылынын 30 жаштагы тургуну Аян Алишеров Украинадагы согушта каза болгонун апасы Рахатай Абдивалиева журналисттерге ырастады.

Ал Орусияда абакта отурган баласы кантип Украинадагы согушка барып калганы түшүнүксүз болуп жатканын билдирди.

“Балам жок жерден жалган жалаа менен камалып кеткен. Мен сотуна да барып, катышып турчу элем. Акыркы сотунда өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, мага ыйлаган эле. Жети жылга кесилип, Мордовияда түрмөдө мөөнөтүн өтөп жаткан. Телефондон сүйлөшүп турчубуз. 2-октябрда мага телефон чалып, “апа мен Кыргызстанга кете турган болдум, буюрса алты айда бошонуп чыгам. Анан үйлөнөм, той кылабыз” деген эле. Ошондо ал мени кыжалат болбосун деп, согушка баратканын айтпай койгон окшойт”, – деди Рахатай Абдивалиева.

Украинанын Бахмут шаарына жакын жердеги салгылашта 24-ноябрда каза тапкан 30 жаштагы Аян Алишеровдун сөөгү 23-январда Кочкор-Атага жеткирилип, жерге берилди.

Маркум 2019-жылы Москвада “адам уурдоо” жана “опузалап акча талап кылуу” беренелеринин негизинде шек саналып, камакка алынган. Апасы Аян Алишеровду мекенине экстрадициялоону өтүнүп, Кыргызстандын Москвадагы элчилигине бир нече жолу кайрылганын айтты.

Аян Алишеровду Кыргызстанга экстрадициялоо чечими, аны ишке ашыруу болгон-болбогонун тактап, Башкы прокуратурага кайрылдык. Көзөмөл органынын маалымат катчысы Сирожиддин Камолидинов жеке адамдар тууралуу маалымат журналисттерге берилбей турганын билдирди.

Жогорку Соттун сайтында Аян Алишеровду Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча иш соттук кароого коюлганы тууралуу жазылган. Бирок иш каралганы, кандай чечим чыкканы тууралуу маалымат жок.

“Вагнер” компаниясы жалдаган миңдеген согушкер Украинадагы урушка тартылган. Компаниянын негиздөөчүсү Евгений Пригожин жалданмалардын майдандагы эрдигин таанууну талап кылып Орусиянын аскер жетекчилигине ачык талап койгон. Путиндин “ашпозчусу” деген каймана аты бар олигархтын орус түрмөлөрүн кыдырып, жаза өтөп жаткандарды согушка азгырып жүргөн видеолору тараган.

Бул кыргыз жаранынын орус армиясынын катарында Украинадагы согушка барып каза тапкан биринчи учуру эмес. Өткөн жылы жай айында орусиялык армиянын катарына кошулган эки кыргыз жараны – Аманбек Курбанбаев жана Руслан Полотов Украинада окко учканы белгилүү болгон.

Андан тышкары Кыргызстанда төрөлүп, кийин Орусиянын жарандыгын алган бир нече аскердин сөөгү кичи мекенине жеткирилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: