Menu

ТИМ: Кыргыз жарандары үчүн чет мамлекеттерде визасыз режимди ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги туруктуу жана системалуу негизде Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет мамлекеттерге визасыз каттамдарын кеңейтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Чет мамлекеттер үчүн, анын ичинде Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) эл аралык стандарттарынын алкагында визасыз режимди киргизүүнүн маанилүү талабы биометрикалык паспорттордун болушу болуп саналат.
Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасында электрондук паспорттор 2021-жылы гана киргизилген. Буга байланыштуу бул багыттагы иштер жигердүү кайра жанданды.
Бул этапта, чет мамлекеттер кыргызстандыктар үчүн визасыз режимди киргизүүнүн алкагында негизинен дипломаттык жана кызматтык паспорттор боюнча гана кызматташууда.
2022-жылы Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн, Ливан, Мальдив (анын ичинде жалпы жарандык паспорт) менен дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу боюнча 4 өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлган.
Муну менен катар, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн визалык талаптар жокко чыгарылды, алар эми Мальдивке жалпы паспорт менен кирип, бул өлкөдө 30 күнгө чейин жүрө алышат.
Учурда бул эл аралык келишимдердин күчүнө кириши үчүн мамлекеттик ички жол-жоболор жүргүзүлүүдө.
Греция жана Таиланд менен 2 өкмөттөр аралык келишим (дипломаттык жана кызматтык паспорттор боюнча) кол коюуга даяр.
Бельгия, Нидерланды, Люксембург, Словакия, Египет (дипломаттык жана кызматтык паспорттор), Доминика (анын ичинде жалпы жарандык паспорт) 6 мамлекет менен 4 өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоору активдүү иштелип чыгууда.
2022-жылы Министрликтин сунушу менен дипломаттык паспорт тариздөө үчүн мамлекеттик кызмат орундарынын тизмеси 35 орундан 13 орунга чейин, кызматтык паспорт боюнча 77 орундан 60 орунга чейин кыскартылган. Бул чара башка нерселер менен катар, Кыргыз Республикасынын сүйлөшүү позициясын бекемдөө максатында кабыл алынган.
2023-жылы тиешелүү иштер улантылууда. Кыргызстандын бардык элчиликтери жана консулдуктары Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн визасыз кирүү мүмкүнчүлүгү бар өлкөлөрдүн географиясын кеңейтүү боюнча иш-чараларды күчөтүүгө багытталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: