Menu

Бишкекте бажы төлөмдөрүнүн жогорулашына каршы нааразылык акциясы өтүүдө

Бөлүшүү:

Бүгүн 6-февралда Бажы кызматынын башкы кеңсесинин алдында сырттан автомашина алып келип сатуу менен алектенген 40тай адам чогулду.

Алар Корея Республикасынан машина ташып келерин, Кыргызстандын чек арасынан өлкө аймагына кирип жатканда алынуучу бажы төлөмү мурдагыдан жогорулап кеткенин, бул тууралуу аларга эскертүү берилбегенин айтышты.

Акцияга чыккандар машинаны чек арадан алып өткөндө төлөнүүчү төлөмдү мурдагы калыбында калтырууну талап кылышты.

“Бажы мекемеси бажыдан өткөрүү баасын бир тараптуу көтөрүп жатат. Бул биздин – Корея Республикасы жана башка өлкөлөр менен беш-алты жылдан бери иштешип жүргөндөрдүн укугун бузууда. Себеби бизге айтпай-дебей эле бажыдан өткөрүү төлөмүн көтөрүп салып жатышат. Бажы тарификациясын эски бойдон калтырсын деп суранып жатабыз. Себеби жолдо толтура машина келе жатат. Жылдары ар кандай. Көтөргөндө кээ бир машиналар боюнча айырма – 2 миң доллардын ордуна 4,6-5,6 миң доллар төлөп калабыз”, – деди өзүн Алмаз Мавлянов деп тааныштырган ишкер.

Бажы кызматы азырынча бул боюнча комментарий бере элек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: