Menu

УКМК: Ош облусунун тургунуна $14.500 төлөйсүн деп милдеттендиришкен К.Досоновдун «Дженго» уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан 14 миң 500 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталып К.Досоновдун «Дженго» уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Э.А.А. жана Ж.С.Т. кармалышты.

Такталгандай, кармалгандар күч көрсөтүп зомбулук кылабыз деп коркутуу жолу менен кысым көрсөтүп, 14 500 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын Ош облусунун тургунуна милдеттендиришкен. Бул факты боюнча КР УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон. 

Азыркы учурда кармалгандарга, Ош шаардык сотунун чечими менен КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыктын тергөө камак жайына камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган. 

Кыргыз Республикасынын УКМК өз компетенциясынын чегинде уюшкан кылмыштуу топторго жана шериктештерине каршы аракеттенүүнү улантууда.

Ошондой эле, КР УКМК, жарандарды уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуулар болсо бардык фактылары боюнча кайрылууга жана билдирүүгө чакырат.

 Тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: