Menu

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүүгө тарыхый саресеп (этаптарына жаңы көз караш)

Бөлүшүү:

Бир дагы мамлекеттик же эл аралык укуктук, мый­зам­­дык ченем­дерде, илимпоздор, саясат таануучулар, серепчилер арасында, бүгүн­кү­гө чейин кор­рупция деген терминге так, бирдиктүү аныктама жок. Коррупция бул жөн эле пара алуу, чиновниктин каржы­лык, материал­дык сый алуусу эмес, баардык тармакта­р­да кеңири кулач жай­ган социалдык кесел. Дүйнөлүк тарых далидегендей, коррупция ар түрдүү доорлордогу өлкө­лөр­дүн мамлекеттик, саясий турмушунда терең тамыр жайган, байыр­та­дан келе жаткан жагымсыз, жат көрү­нүш.  Кыргыз­стан­да жакын­кы уба­кыт­ка чейин, корруп­ция, кор­ру­пциялык жагымсыз аракет­тер абдан күчөгөн эле. Бизде төрөл­гөн­гө чейин корруп­ция башталып, тө­рөлгөндө, бала бакчада, мек­теп­те, жогорку окуу жайда, жумушка ор­нош­кон­до, өз алдынча ишкердик кыл­ганда, карье-ра-лык, бизнес­тик өсүүдө, керек болсо өлгөндө да корруп­циялык манипуляцияга кабылган. Макалада дал ошол коррупциялык көрүнүш­төр салттуу кыргыз коом­чу­лугунда качан пайда бол­гону, коррупцияга каршы күрөштүн этап­тары, кор­рупциянын алдын алуу, ага каршы күрө­шүү ыкмалары, укуктук-нормативдик актылар, Кыргызстандагы коррупция­лык көрүнүштүн фор­ма­лары жана түрлөрү, аны жоюнун аракеттерине, жолдоруна тары­хый саресеп салынып, коррупцияны жоюнун, кескин азайтуунун ыкмалары сунушталат.

Баарыбыз эле коррупция, коррупцияга каршы күрөш – деп жатабыз. Кор­руп­ция деген эмне, аны кандай мүнөздөсө болот? Коррупция – бул “мам­лекет­тик кызматкерлер жана мам­ле­­кет­тик бийликтин өкүлдөрү тарабынан ээлеген кызмат орунда­рын, кызмат­тык укуктарын жана бийлигин колдо­нуп, пайдаланып, мыйзам­сыз байлык чогултуу, жеке материалдык жана башка жыргал­чылыктарга ээ болуу.” Коррупция, коомдук, саясий, социал­дык-экономикалык турмуштагы фено­мен сыяктуу байыркы замандан бери эле болуп келе жаткан социалдык көрү­нүш. Коррупцияны жою мүм­күн эмес, бирок азайтса болоорун коомчулук түшүнүп калды. Албетте коррупцияны бир гана мамлекеттик чиновниктер жасайт деп айтуу да туура эмес, жөнөкөй адамдардын арасында да корруп­цио­нер­лер көп кезде­шет. Коррупция өкмөт­кө, экономикага, өлкөгө тийип, эбе­гей­сиз зор зыян келтирип, жалпы коомдун жашоо деңгээлин төмөндөтөт. Андан тыш­кары бул элдин бийликке бол­гон ишенимин азайтат, жеке эле бийлик эмес, адам менен адамдын ортосундагы ишенич жоголот.

Коррупция – бул мамлекеттик органда иштеген адамдардын өз кызмат­тык ордунан же абалынан пайдаланып, мыйзамсыз акча талап кылуусу же кыз­маттык ордун өз кызыкчылыктарына пайдалануусу. Мурдагы мезгилдер­де коррупция жашообуздун алга жылышына чоң тоскоол болуп калганы айдан ачык эле. Корруп­ция­лык иштер ачык айкын эле жүргүзүлүп келген.  Корруп­цияга бөгөт коюуу жана жоюу максатында көптөгөн иштер Кыргыз Республи­касында жүргүзүлгөн жана жүргүзүлүүдө. Бирок, буга карабастан, эч майнап чыккан эмес, акыркы жылдардагы алгылыктуу иш аракеттерди кошпогондо.

Кор­руп­циянын биздин жашоого, биздин мамлекетке, мамлекети­биздин өнү­гүү­сүнө тийгизген залакасы эбегейсиз чоң. Кайсы жерге барбайлы (мам­ле­кет­ке тиешелүү жайларга) коррупция!!! Бир ишинди бүтүрөйүн деп канча жерге бара­сың, көбүнөн коррупциялык иштерди байкоого болот эле. Башкача айт­кан­да, кор­рупция күнүмдүк жашообуздун бир бөлүгү болуп кал­ганы талаш­сыз эле. Кыз­мат­тык ордун кыянаттык менен пайда­ланган адамдар ачык эле канча акча бериши керектигин айтышчу. Бул биздин коомдо болуп, ар бирибиз угуп, көрүп жаткан күндөлүк көрүнүш эле. Бул – ачуу чындык. Мындай көрүнүш биздин өзүбүз жашап жаткан мамлекети­бизди, мыйзамдарды сыйлабагандыкты билдирчү.

Ошол коррупция деген кыргыз коомчулугунда качан пайда болгон, мур­да­­гы салттуу кыргыз коомчулугунда болгонбу? Чындыгында, азыркы маани­деги коррупция бул кыргыз элине келгин көрү­нүш, ал кечээ кийин­черээк эле 150-160 жыл мурда пайда болгон. Байыркы, орто кылымдардагы мезгилдер­де кыргыз коомчулугунда коррупция жат көрүнүш болгону талашсыз.

XIX к. Экинчи жарымынан баштап, кыргыз коомунда акырын­дык менен кор­­рупциялык көрүнүш орун ала баштаган. Эгерде коррупциянын пайда болуу­сун, коомдук турмушта орун алуусун этаптарга бөлсөк төмөн­күдөй болот:

Биринчи этап –  XIX к. экинчи жарымы – XX к. башы, т.а. 1917-ж. Октябрь рево­люциясына чейинки мезгил (орус элинде популярдуу болбогону менен  1917-ж. биз үчүн дагы эле  революция катары кала берет – авт.). Дал ушул этапта кыргыз коомчулугунун күндөлүк турмушунда, падышачылык чинов­ник­­тердин алдым-жуттумдугу, паракордугу, ар тараптуу мыйзамсыз иштерди жасоосу, уезддик начальниктердин жергиликтүү калктын өкүлдөрүнөн жар­дам­чыларды, болуштарды (волостные – авт.), ыстарчындарды (старшины – авт.) шайлоодо, дайындоодо, салыктарды салууда, топтоодо өзүм билем­диктер, аша чабуучулуктар менен кыргыз элине алгачкы ирет коруупциялык аракеттер, көрүнүштөр, байланыштар жайылып, XIX к. экинчи жарымы – XX к. башында терең орун алып, кадимкидей калыптанып калган.  

Экинчи этапКеңеш доорунун мезгили – 1917-1990-жылдар. Падышалык Россиянын мурасы катары коррупция  алгач  контрреволюциялык ара­кет катары каралып, өлүм жазасына чейин жазаланса да Кеңеш доору бул зыянкеч көрүнүштү биротоло жоё албады.  Кеңеш Өкмүтү алгачкы күндөр­дөн баштап эле коррупциялык аракеттерге каршы катуу күрөш жүргүзүп, аларды контрреволюциялык аракет катары баалап, кескин айыптаган.  1922-жылкы РСФСР Кылмыш жаза кодексинин негизинде коррупциялык, контр­рево­лю­циялык аракеттер үчүн өлүм жазасын киргизген. Бул жаза мурдагы  падышачылык Россиянын Кеңеш Өкмөтүнө караган баардык аймактарына таан­дык болгон. Демек, азыркы Кыргызстандын аймагында да колдонулган. Бирок ошондой катуу жазага  карабастан Кеңеш доорунда да коррупция, кор­руп­ция­лык аракеттер сакта­лып, өз ишин уланта берген. Айрыкча көмүскө эко­но­­мика, сапатсыз товар­ларды өндүрүү, план толту­руу­дагы мыйзамсыз каттоо­лор, жемкорлук, паракорлук, жең ичинен жүр­гүзүлгөн сүткорлук, тааныш-билиштик, жердеш­чилик, кызмат абалына кландык тандоо, ж.б. терс көрүнүштөр сакталып эле калбастан, кээ бир тармактарда күчөгөн.

Кеңеш доорунда коррупция менен каардуу ОБХСС, КГБ, МВД сыяк­туу рас­мий органдар, “Крокодил”, “Чалкан” сыяктуу ММК тынымсыз күрөш­көнү менен бул коом­дук кесел биротоло жоюлбады.  Чөлкөмдөгү ири окуялар Кыр­гызстанда “фа­брика иши” – “фаб­рич­ное дело”, коңшулаш Өзбекстанда “пахта иши” – хлопковое дело”, “вино иши” – “виное дело” ж.б. маалым.

Үчүнчү этап – эгемендүү Кыргызстандын мезгили 1990-2022-жылдар.  Кеңеш доорунун акыркы жылдары өзгөчө өнүгүп, коомдук, социал­дык-эко­но­микалык, саясий турмуштун баардык тармактарында терең орун алган кор­рупциялык көрүнүш эгемендүүлүктүн жана көз карандысыздыктын жыл­да­рында дагы тереңдеп, коомчулуктун бүй­рүн кызыткан абалга жеткир­ди.  Башканы койгондо да, швед саясат таануучусу Йохан Энгвалль көз каран­ды­сыз Кыргыз Республикасынын коррупциялык абалын ар тараптан изилдеп “Коорупция бул бүтүндөй Кыргызстан… Кыргызстан деп аталган мамлекетте баардык мамле­кеттик кызмат орундары сатылат. Мур­дагы Президент Ба­киев­дин убагындагы расмий укук коргоо органдары ме­нен уюшкан кылмыш­туулуктун ортосундагы симбиоз мамлекеттин ыдыра­шы­нын туу чокусу болду” деп белгилейт. Доктор Й.Энгвалл өз диссерта­циясында, ар кандай далилдерге таянып, көз карандысыз Кыргызстандын тарыхынын ар кайсы мез­гил­дерине тиешелүү кызмат орун­дары үчүн берилген суммалардын сан­да­рын келтирет. Акаевдин доорунда министрдин кызмат 100-200 миң доллар,  губернатордук кызмат  4000$ доллардан ашык, аким (мэр) болуш үчүн 20000$ доллардан ашык берилгени маалымдалат. Бишкектеги биринчи инстанциядагы соттогу судьялык орун үчүн 10000$ доллардан 50000$ дол­лар­га чейин акча төлөнгөн – деп белгилеген.[1] Эң өкүнүчтүүсү биздеги корруп­ция­лык көрү­нүш­төр тууралуу чет өлкөлүк жарандын жазып жатканы.

Ушундай тереңдеген коррупциялык көрүнүш орун алган үчүнчү этапты – бир катар мезгилдерге бөлүп кароо абзел:

Биринчи мезгил, 1992-2005-жылдардагы алгачкы кадамдарды камтыйт. Анткени 1992-жылы 18-декабрда биринчи жолу №388 “Республика Кыргыз­стан­дын мамлекет­тик кыз­мат системасындагы коррупцияга каршы күрө­шүү боюнча иш-чара­лар жө­нүн­дө” ошол кездеги Рспублика Кыргызстандын Президентинин Жар­лы­гы чыккан. Бул эгемендүүлүктөгү кор­руп­цияга каршы эң би­ринчи кадам эле. 1997-жылы 303-беренени камтыган, алгачкы жолу кор­руп­цияга укуктук баа берген  Кылмыш кодекси кабыл алын­ган.  1999-жылы 25-январда кыл­мыш­туулукка, мыйзам бузууларга жана кор­рупцияга каршы күрөшүү боюнча башында Премьер-министр турган Коор­ди­нациялык кеңеш түзүлгөн. Бирок бул орган өз вазыйпасын толук ат­кара албады. 2001-жылы 21-февралда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жы­йы­ны “Кыргыз Рес­пуб­­ли­касынын Эл өкүл­дөр жыйынынын корруп­ция­га, көмүскө экономи­кага жана уюшкан кыл­мыш­туулукка каршы күрөшүү боюн­ча комиссия жөнүн­дөгү” Жобосун бекит­кен. Ошол эле 2001-жылы 21-августа Кыр­гыз Рес­пуб­ли­касынын Өкмөтү №469 “Кыр­гыз Респуб­ли­касында 2001-2003-жылдар­га коррупцияга, көмүс­кө эко­но­микага жана уюшкан кылмыштуу­лук­ка кар­шы күрөшүү боюнча мамле­кет­тик програм­манын аткарылышы жөнүндө­гү” токтомун кабыл алган. Токтомдо коррупцияга каршы күрөштүн норма­тив­дик-укуктук база­сы­нын өркүндөтүлгөнү баам­да­лат. 2003-жылы 22 июлда  Кыр­гыз Респуб­ли­ка­сынын Президентинин “Кор­руп­­ция­га жана экономика­лык кылмыштарга кар­шы күрөшүү системасын өркүндөтүү жөнүндөгү” Жар­лыгы чыккан. Анда коррупцияга каршы күрөшүүдө оптималдуу жана на­тый­жалуу системаны иштеп чыгуу каралган. 2003-2004-жылдары “Коорупция менен күрөшүү жөнүндөгү”, “Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү”, “Мамле­кет­тик сатып алуу­лар тууралуу” мыйзамдар кабыл алынган. Ага катар эле мамлекеттик чинов­ник­тердин тапкан кирешесин декларациялоо жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган. Булардын баары коррупцияга каршы күрөштү күчөт­көн, бирок олуттуу натыйжа бере алган эмес.

Экинчи олуттуу мезгил, 2005-2010-жылдарды камтыйт. Бул мезгилде коррупцияга каршы БУУ Конвенциясын ратификациялоо менен өлкөдө анти­коррупциялык саясат калыптанган. 2005-жылы Кыр­гыз Респуб­ли­касы­нын милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 21-июнундагы №251 Жарлыгы менен “Кыргыз Республи­ка­сында коррупцияга каршы күрөшүүнүн мамле­кеттик стратегиясы” беки­тилген. Бул мурдагыларга салыштырганда кыйла жогору маанидеги, прогрессивдүү документ болгон. Ошол эле жылы 21-ок­тябрда (УП №476) “Коорупция менен күрөшүү үчүн кечиктирилгис иш аракеттер жө­нүн­дөгү” Президенттин Жарлыгы чыккан. Аталган жарлыктын негизинде биринчи жолу атайын мамлекеттик орган Коррупциянын алдын алуу боюнча Кыргыз Республи­ка­сынын улуттук агентствосу уюшулган жана Коррупцияга каршы күрө­шүү боюнча Кыргыз Республи­ка­сынын Улуттук кеңеши түзүлгөн.

2006-жылдын 28-февралында Кыргыз Республи­ка­сынын Өкмө­түнүн №132  “Кыргыз Республи­ка­сынын коррупцияга каршы күрөшүү­нүн мам­ле­кеттик Стратегиясын жана 2006-2007-жылдары Кыргыз Республи­ка­сында корруп­ция­га каршы күрөшүүнүн мамле­кеттик Программасын турмушка ашыруу боюнча Кыргыз Республи­ка­сынын Өкмөтүнүн комсплекстүү иш чарларын бекитүү жөнүндөгү” токтому чыгып, анда коррупцияга каршы олуттуу иш чаралардын комплекси каралган.

2008-жылы 13-февралда Кыргыз Республи­ка­сынын Өкмөтүнүн №44 “Кыр­гыз Республи­ка­сынын коррупцияга каршы күрөшүүнүн мамле­кеттик Стра­те­гиясын жана 2006-2007-жылдары Кыргыз Республи­ка­сында корруп­ция­га каршы күрөшүүнүн мамле­кеттик Программасын турмушка ашыруу боюнча Кыргыз Республи­ка­сынын Өкмөтүнүн комсплекстүү иш чарларын аткары­лышы жөнүндөгү” токтому чыккан.  2009-жылы 1-мартта Президент­тин Жар­­лы­гы менен “Кыргыз Республи­ка­сын­да коррупцияга каршы күрөшүү­нүн улут­тук стратегиясынын 2009-2011-жылдарга жаңы редак­циясы” кабыл алынган.

Үчүнчү урунтуктуу мезгил, 2011-2020-жылдарды камтыйт. Анткенибиз дал ошол мезгилде коррупцияга каршы күрөшүү жаңыы тепкичке көтөрүл­гөн. 2011-жылы 14-декабрда Президенттин №27 Жарлыгы менен Кыргыз Рес­публикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдында Ан­ти­коррупциялык кызмат түзүлгөн. Ошону менен коррупцияга каршы күрө­­шүү­дө жаңы институционалдык механизм түзүлгөн.

Ушул эле мезгилде “2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын иш аракеттеринин Планы”,  Кыргыз Рес­пуб­ликасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы (№170) “2015-2017-жылдарга Кыргыз Рес­пуб­ли­ка­сынын коррупцияга каршы саясаты­нын мам­лекеттик стра­те­гиясын ат­каруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамле­кет­тик ор­ган­да­­рынын иш-чараларынын планын бекитүү жөнүндө” токтому, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылы 13-сентябрын­дагы (№474) “2019-2021-жылдарга Кыргыз Рес­пуб­ли­касынын мамлекет­тик орган­­да­ры­нын коррупцияга каршы ара­­кет­те­нүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө” токтому чыккан. Көрсөтүлгөн жогорку деңгээлде кабыл алынган жар­лыктарга, токтомдорго ылайык мамлекеттик масштабда коррупцияга кар­­шы күрөш күч алган. Бирок, аларды аткарылышы тиешелүү жыйынтык­тар­ды берип, коомдогу терең тамыр алган коррупцияны, корруп­циялык көрү­нүш­төрдү биртоло жоё албады.

Төртүнчү этап – 2020-жылдан азыркы мезгилге чейинки убакытты камтыйт. Акыркы этап коомдогу, саясий, социалдык-экономикалык турмуштун баар­дык тармактарында орун алган коррупция, коррупциялык көрүнүш­төр менен чеч­кин­дүү, саясий эрктүүлүк менен тынымсыз, аёсуз күрөш жүргүзгөнү менен  айырмаланат.

Албетте коррупция баардык өлкөлөрдө, анын ичинде бизде да экономика­лык, социалдык, саясий реформаларды жүргүзүүдөгү эң күчтүү тоскоолдук­тардын бири болуп эсептелет. Аны биздин элдин, өлкөнүн тарыхынан да баамдап олтурасыздар. Мурдагы кездерде, эгемен­дүү­лүктүн, көз каранды­сыздыктын 32 жылында, коррупцияга – жем­корлукка, пара­­корлукка, тааныш-билиштикке, фаворитизмге, непотизмге – жактоо­чу­лук­ка, кландык мамилеге белчесинен баткан кыргыз коомчулугунун баардык тармактары азыркыга чейин, акыркы 2 жылдагы чечкиндүү күрөштүн натыйжасында  арыла албай келе жатабыз. Көрсө биз туулгандан, керек болсо туулардын алдынан баш­тап, өлгөнгө чейин, андан кийин жерге берилегенге чейин коррупцияга бат­кан экенбиз.

Биз өзгөчө бөлүп караган төртүнчү этап, дал ошолордон арылууга багыт­тал­ган чекиндүү, эрктүү жана бурулуш болгон, мыйзамдуулукту, айкын­дыкты орно­тууга ынанымдуу кадам болгон мезгил, 2020-жылдын октябр айынан берки убакыт­ты камтыйт.  Ошентсе да чиеленип коррупциялашкан аракеттер дагы эле калып келүүдө. Мисалы, Бишкек, Ош шаарларындагы мыйзамсыз, талаптарга ылайыксыз курулган көп кабаттуу үйлөр, куру­луп келген дагы эле ошол ыкчамда курулуп жатат. Жакында эле тие­шелүү органдар, башкы Прокуратура, бир катар ММК, өлкөдөгү мыйзамсыз үйлөрдү куруп жаткан 16 кампанияларды аташты. Бирок ошого карабай, алар ишмердүүлүгүн улантууда. Дагы бир мисал, Чаткал районунун кокту-колотторунда ири көлөмдөгү алтын өндүрүп жаткан майда кытай фир­ма­лары ж.б. 

   Убагында ЕРӨБ эксперттери аныктагандай КМШ өлкөлөрү дүйнөнүн башка чөлкөмдөрүнө караганда көбүрөөк коррупцияга батканы анык­талган. Кыргыз Республикасы алардан четте калган эмес. Коррупция мамлекет турмушунун баардык катмарларын камтыганы, керке болсо Ак үйдүн жогорку кабаттары­на чейин жеткени маалым болгон. Ошондуктан бул көрүнүш коомго, мамле­кет­тин өнүгүүсүнө, улуттук коопсуздукка өзгөчө терс таасирин тийги­зип, расмий мамлекеттик бийликке шек келтирээри, анын баардык бутак­тарын дискредита­ция­лоосу  анык болду.

Азыркы ааламдашуу жараянынын алкагындагы бүт дүйнө жүзүн үчүн эң көйгөлүү масе­лелердин бири коррупция, аны менен күрөшүү болуп саналат. Анткени коррупция коомдук, мамлекеттик турмуштун баардык тармактарына терең сиңип, кеңири орун алып, коом, мамлекеттеги  терс көрүнүштөргө алып келүүдө.[2] Коорупциялык көрүнүш ар бир мамлекетке мүнөздүү. Бол­гону кээ бир мамлекеттерде азыраак кездешсе, кээ бир мамлекеттерде абдан көп кездешет. Азыр коррупцияга кириптер болбогон бир да мамлекет жок, бирок коррупция өтө азайган мамлекеттер бар.  Бул азыркы доордун чындыгы.

Кылымдарды карыткан карт тарых далилдегендей, адам коомундагы байыркы терс, жагымсыз көрүнүштөрдүн бири коомдогу коррупция, жем- кор­лук болсо, жакшы жагы ошончо кылымдар бою ар бир доордо, ар кандай коомдо ошол коррупциялык көрүнүш­төргө каршы  күрөштүн болуп келгени.

Коомчулукту түйшөлткөн маселе коррупцияны же жемкорлукту жеңсе, аны толук жойсо болобу деген маселе? Картаң тарых далилдеген­дей корруп­ция­ны жеңсе болбойт, бирок аны мүмкүн болушунча азайтса болот.

Коорупцияны жеңсе демократиянын чордону болгон АКШ же мыйзамдуу катуу кармаган Кытай Элдик Республикасы жеңет эле. Кытайда коррупция менен мамлекеттик деңгээлде туруктуу күрөшүү саясаты 1951-жылдан баш­та­лып,  туруктуу 72 жылды камтыйт2012-жылдын декабрында КЭР төрага­сы Си Цзиньпин паракорлук, жемкорлук, коррупция менен күрө­шүү­нүн  жаңы доорун жарыя кылган. 2014-жылы Си Цзиньпин «…же Компар­тия корруп­цияны жеңет, же коррупция Компартияны жеңет деген жаңы ураан менен чыккан. Мындай  расмий кадамдар коррупцияга каршы күрө­шүүгө чечкиндүү кадам ташталагнынан кабар берет. Ушул чакырыктан кийин­ки 3 эле жылда 1 млн. ашык чиновникре коррупциялык иштер боюнча жазага кириптер болушкан, алардын 109 министрлер же аларга тете кызматтагы чиновниктер.[3] Убагында кытайдын жолбашчысы “Кытайдын мамлекеттик деңгээлдеги эң негизги көйгөйү коррупция. Жыл сайын коррупция менен күрө­шүүгө 86 млрд. доллар коротулат” – деп айткан.[4] Анткени эксперт­тердин баамында Кытай ар жылы экономикадагы ички дүң продукциянын 13-17%, мамлекеттик каржы­лоо­нун 20%  коорупционерлердин, таза эмес мамлекет­тик чиновниктердин чөнтөгүндө калат. Кытай коррупционерлер тарабынан жыл сайын 25 млрд. доллар зыян тартат.[5] Ошондуктан КЭР корруп­ция­га кар­шы тыным­сыз, чечкиндүү,  тууруктуу жана аёсуз күрөш жүргүгүзүлүп келет.  Кытайда коорупциялык аракеттери үчүн 2000-жылдан бери 10 миңден ашык чинов­ник өлүм жазасына тартылды, 120 миңден ашык чиновник 10-20 жылга чейин эркинен ажыратылды. Реформалоонун акыркы 30 жылында  корруп­циялык  кылмыштары үчүн  1 млн. ашык адам жазага тартылган. Алар неги­зи­нен – мамлекеттик чиновниктер, КПП мүчөлөрү, ар түрдүү деңээлдеги жеткечилери, ишкерлер болгон. Дагы бир жагы, Кытай бийликтери өлкөдөн качып кеткен корупционерлерди бүткүл дүйнө жүзү боюнча издеп таап, Кытайга алып келип жоопко туртууда. Мисалы, 2017-ж. эле КЭР 1300 коррупционерди, алардын ичинде 347  ККП мүчөлөрү, мамле­кет­тик чиновниктерди  кайтарып, аларга  өз жазаларын беришкен. Ушул иштин натыйжасында мам­ле­кет­тик казнага  980 млн. юань кайтарылган.  Ал эми 2017-ж. КЭР 1590000 чиновник коррупциялык иштери үчүн жазалаган.[6]

Кытай дүйнөдөгү коррупцияга каршы ийгиликтүү күрөш жүргүзгөн мыкты өлкөлөрдүн бири. 2021-жылдагы «Transparency International» уюмунун кор­руп­ция­лашкан индекси индекси боюнча көрсөткүчүндө, Кытай  179 өлкө­нүн 78-орунунда турат. Бул көрсөткүчтөр жогорудагы катаал шарттарга кара­бай болуп жаткан абалдан кабар берет. Ушундай катаал жазалар колдонсо да Кытайда коррупция биротоло жоюлбады, бирок олуттуу түрдө азайды.

Демек мындай аракеттер коррупцияны биротоло жойсо болбойт, бирок мүмкүн болушунча азайтса болоорунан кабар берет.

Бизде кандай абалда бул көрүнүш? Акыркы жылдарга чейин корруп­ция­нын бир катар  формалары өкүм сүргөн:

  • пара берүү жана алуу;
  • фаворитизм (тууган, тааныштарга колдоо көрсөтүү менен  жогору кызматка дайындоо);
  • непотизм/жактоочулук;
  • протекционизм (өздөрүнүн кызыкчылыгына жетиш үчүн атка ми­нер­­лер­ден түзүлгөн топ); 
  • мыйзамсыз лоббизм (кандайдыр бир мыйзамды кабыл алууда же албоо­­до парламентарийлерге мыйзамсыз кысым көрсөтүү);
  • коомдук ресурстарды жана фонддорду мыйзамсыз бөлүштүрүү  жа­- на кай­ра бөлүштүрүү;
  • паракорчулук;
  • жеке максаттарда коомдук ресурстарды мыйзамсыз менчиктеш­тирүү жана энчилеп алуу;
  • саясий түзүмдөрдү (партияларды ж.б) мыйзамсыз колдоо, каржы­лоо;
  • туугандарына, досторуна, тааныштарына ири тендерлерди, же­ңил­детилген насыяларды берүү, ар кандай кызматтарды көрсөтүү;
  • опуза менен талап кылуу ж.б.

Биздеги коррупциянын кеңири жайылган негизги  түрлөрү:

  1. Турмуштук коррупция (Бытовая коррупция)– жарандар менен мам­ле­­­кет­тик чинвониктердин карым-катнашында пайда болот. Чиновникке тигил же бул маселени чечүү үчүн эң жөнөкөй белектерден баштап ир суммадагы акча берүү менен аяктайт. Ушул эле топко тигил же бул маселени кон­креттүү адамдын, топтун кызыкчылыгына чечүү – жактоочулук (непо­тизм) да кирет.         
  2. Бизнес коррупциясы мамлекеттик бийлик  органдары менен и биз­нес­тин ортосунда пайда болот.  Мисалы: мүлктүк, каржылык талаш маселесинде  сот чечимин кызыкдар тарапка чечүүдө байкалат.
  3. Жогорку бийликтеги коррупция – бул саясий бийликтин жетек­чилигине жана сот тармагына (төмөнтөн жогору карай) тиешелүү. Мындай учурда бийликте турган белгилүү топ өз кызыкчылыгына карап, элдин, шайлоочу­лардын кызыкчылыгын эске албаган кезде байкалат. Мисалы, “Кумтөр” алтын кени.
  4. Убагында бизде коррупциялык кызматтын базары (рынок кор­руп­ционных услуг)  деген түшүнүк пайда болгон. Бул учурда корруп­циялык ара­кет­тер конкреттүү жаран­дын жана кызмат абалындагы адамдын ортосунда болот. Бир уюмдун ичин­деги ички коррупциялык аракеттер уюшкан кыл­мыш­туу топтун белги­лерин билдирет.

Учурда бизде да коррупция, коррупциялык көрүнүш менен аёсуз, тыным­сыз, туруктуу күрөш уланууда. Бул багытта кыска мөөнөттө, акыркы 2 жылда көп ийгиликтер болду десек болот. Адатта ар бир президент коррупция менен күрөшүүнү негизги милдет­тердин бири катары убада кылып келиш­кен. Керек болсо абдан мыкты про­граммаларды, стратегиялык пландарды түзүшкөн, бирок ситсеманы жоюга кудуреттери жетпеди. Мына караңыздар кандай документтер абыл алынган.

КОРРУПЦИЯНЫН АЛДЫН АЛУУ ЖАНА АГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК САЯСАТ, СТРАТЕГИЯЛЫК, ПРОГРАММАЛЫК АРАКЕТТЕР

(акыркы 10 жыл):[7]

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасында кор­рупцияга каршы туруунун мамлекеттик Стратегиясы тууралуу Жар­­­лы­гы. Бишкек, 2012-жыл 2-февраль №26.
  2. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракет­тенүү жөнүн­дө” мыйзамы 2012-жылдын 8-августу N153.
  3. “План действий Правительства Кыргызской Респуб­ли­­ки по про­тиво­­дей­ствию коррупции в 20122014 года.
  4. План Действий государственных институтов Кыргызской Респуб­ли­ки по реали­зации государственной стратегии по противодействию кор­­руп­ции на 2015-2017 годы.
  5. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чара­лар жөнүндө” Жарлыгы Указ Президента “О мерах по искоренению при­чин политической и сис­тем­ной кор­рупции в государственных органах  2013-жылдын 12-ноябры ПЖ №215.
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Коррупцияга каршы күрө­шүү боюн­ча ве­дом­стволук программаны жана иш-чаралар планын иштеп чыгуунун жана атка­руунун методикасы”  боюнча 2014-жылдын 12-февра­лын­дагы № 44-б буйругу.
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Коррупцияга каршы монито­ринг­­дин жана баалоонун методологиясы” 2014-жылдын 12-февралындагы буйругу.
  8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “2015-2017-жылдарга Кыргыз Рес­пуб­ли­ка­сы­нын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стра­те­гиясын ат­каруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ор­ган­да­­рынын иш-чараларынын планын бекитүү жөнүндө” токтому, Бишкек шаары, 2015-жылдын 30-марты №170.
  9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “2019-2021-жылдарга Кыргыз Рес­пуб­ли­касынын мамлекеттик орган­да­рынын коррупцияга каршы ара­­кет­те­нүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө” токтому, Биш­кек шааары, 2019-жылдын 13-сентябрь, №474.
  10. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 25-сентя­брын­­дагы ме­нен бекитилген “2021-2024-жылдарга Кыргыз Респуб­ли­ка­сында кор­руп­цияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегия жөнүн­дө” №180 Жарлыгы.
  11. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун 2020-жылдын 16 октя­брын­­да кол койгон Жарлыгына ылайык 2020-жылдын 14-октябрын­дагы «2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга кар­шы ара­кеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стра­те­­гия­­ны ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө» Жарлыгынын колдону­лушу токтотулуп, Жарлык чыккан күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды.

Аталыштары, калоолору, ниет-тилектери абдан жакшы болгону чын, бирок натыйжа болгон жок. Кыргыз коомчулуугу туулгандан баштап өлгөнгө чейин коррупциядан башы өйдө болбогон турмушту кечиришти.

Бир катар чечкиндүү кадамдар азыркы бийлик тушунда башталды десе болот. Эң алгач 2020-жылдын 14-октябрын­да «2021-2024-жыл­дарга Кыр­гыз Республикасында коррупцияга кар­шы ара­кеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стра­те­­гия­­ны ишке ашыруу тууралуу айрым ча­ра­лар жөнүндө» Жарлыгынын колдонулушу ошол кездеги Кыргыз Рес­пуб­ли­касынын Президентинин милдетин аткарууучу С.Н.Жапаров тарабынан токто­ту­луп, Жарлык чыккан күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды. Демек мур­­дагы коррупция менен күрөшүү ыкмасы натыйжасыз, омоктуу эмес экен­дигин кабарлайт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жа­па­­ров 2020-жылдын 16-октябрында кол койгон Жарлыгына ылайык, корруп­ция­га каршы күрө­шүү жана коррупциялык кылмыш­тарды тергөө боюнча ча­ра­лардын топ­то­му кабыл алынганга чейин, Конституциянын 65-беренесине ылайык, өлкө­нүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызма­ты­нын иши жандандырылды (Бул Коррупцияга каршы кыз­мат А.Атамбаев тарабынан түзүлгөн, С.Ш.Жээнбеков октябрь окуяла­рын­да аны жоюп салса, С.Н.Жапаров анын чечимин жокко чыгарып, кайра жан­­дан­дырган дегенди билдирет).

С.Н.Жапаров 2020-жылы 29-октябрда Өкмөттүн курамынын алгачкы ке­ңей­­­тилген жыйынында: “Коррупция менен күрөш өтө татаал болуп жатат. Чыр­малышып калган экен. Муну конституциялык реформа жасап, баш­к­аруу системасына өзгөртүү киргизгенден кийин гана жоё албасак, азыр жоюу өтө татаал экен – деп айткан жайы бар.

2021-жылдын 23-июнунда С.Н.Жапаров ишкерлер менен жолу­гушуу­­сун­да УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жоюлганын жар са­лып, экинчи Жарлыгы менен коррупцияны көзөмөлдөө максатында, Прези­дент­тик Аппараттын ал­дын­да коомдук башталыштагы – АКИК Анти­кор­руп­циялык ишкердик Кеңеш (АКДС – анти­коррупцион­ный  дело­вой совет) түзүлгөнүн жарыялаган.

2021-жылы 23-октябрда, ата-мекендик жана чет элдик ЖМК үчүн маалы­мат жыйынында Президент С.Н.Жапаров «Коррупцияга каршы кыз­мат адам­­­дарынын ээлеген статусуна жана абалына карабай катаал саясат жүргүзүлүп жатат», – деп баса белгиледи. Демек учурдагы расмий бийликтер тарабынан коррупцияга, коррупция­лык көрүнүштөргө каршы катуу күрөш жүрүүдө.

2021-жылдын 16-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президен­тине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин биринчи жыйыны болуп, бул жааттын көйгөйлүү маселелери талкууланды. Башкы прокуратурада атайын тергөө башкармалыгы түзүлдү. Ошол эле 16-ноябрда “Кыргыз Рес­пуб­ликасындагы Коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясы­нын концепциясы”  кеңири талкууга коюлуп, кийинчерээк бекитилген.[8]

Акыркы эле бир жылда Коррупция каршы катуу күрөш жүрүп, анын на­тый­жасында  854 кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп, кор­руп­цияга каршы күрөштөн кайтарылган каражаттын суммасы 7 миллиард 464 мил­лион сомду түздү. Учурда коррупцияга каршы күрөш баардык тармактарда аёосуз жүрүп жатат.

Президент С.Н.Жапаров мамлекетте жемкорлукту жоюу анын баш­кы мил­дети экенин дайыма баса белгилейт. 2022-жылдын дека­брын­да өткөн Элдик курултайда ал: “…бюджеттик каражаттарды сол чөнтөккө сологондорду карап  жатабыз. Ар кандай коррупциялык схемаларды түзүп алып, мамле­кет­тик, элдин кызыкчылыгындагы каражаттарды сол чөнтөккө сологондор­дун жолун тороп, бийлик мыйзам укуругун салып келебиз. Мыйзам чегин­де чара көрүү менен мамлекетке келтирилген зыяндын орун толтуруу иш­тери уланууда”,- деп айткан. Президент “Кабар” маалымат агент­ти­гине бер­ген маегинде мамлекеттин коррупцияга каршы күрөшүнөн 11 миллиард сом­дон ашык каражат түшкөнүн айткан.[9]

Демек бул багытта алгылыктуу иштер болуп жатканын баамдап жата­сыз­дар. Мурдагы мезгилдерге, мурдагы президенттердин убагына караганда азыркы учурда коррупция же жемкорлук кыйла азайып бара жатат. Азыр кандай болбосун ММК ачсаң күн алыс, жума сайын тигил же бул тармактагы коорупциянын, жемкорлуктун бети ачылып, ошого жооптуу адамдар укук коргоо органдары тарабынан кармалды – деген  маалыматтарды окуйбуз. Көбүнө сабак болууда. Бирок, ушул окуялар сабак болгондур – деп оюңду жыйгыча дагы бир тармактагы коррупциялык схема, жемкорлор тобунун бети ачылып жатканы да чындык. Мындай көрүнүштөргө өзүңүздөр күндө күбө болуудасыздар.

Эми ошол коррупциялык көрүнүшкө каршы турууга жөндөмдүү, адилет­түү, акысыз, ак-ниеттүү башкарууга эмнелер кирет:

  • баардык тармактарда мыйзам үстөмдүгүн орнотуу;
  • мезгилдүү отчёттуулукту камсыз кылуу;
  • ачык айкындуулук;
  • коррупциянын алдын алуу, коррупциялык көрүнүштөрдү табуу жана андан коррупциянын себептерин четтетүү;
  • коррупциялык укук бузуулардын кесепеттерин азайтуу, жоюу;
  • коррупциялык укук бузууларды табуу, аларга бөгөт коюу, ачуу жана териштирүү (коррупция менен күрөшүү) боюнча;
  • коррупцияга каршы күрөшкө жарандарды  катыштыруу;
  • күрөштүн эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун арттыруу;

Жогорудагы жана андан башка да бир катар алгылыктуу, натыйжалуу иш аракеттерди турмушка ашырсак, Кыргызстанда биротоло жоё албасак да, кескин түрдө коомдук, саясий, социалдык-экономикалык, күндөлүк турмуш­тагы коррупциянын, коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алып, аларга бөгөт коюп, кескин түрдү азайтууга болооруна көз жетип калды.  Азыркы учурдагы анткоррупциялык иштиктүү аракеттер буга күбө болуп, калайык калктын ишенимин арттыра  алат.

Коррупцияны чагылдыруу индекси – Индекс восприятия коррупции ИВК –                     Transparency International

   2011-жылы рейтингге кирген 182 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 164 орунда турган.

   2012-жылы рейтингге кирген 176 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 154 орунда турган.

   2013-жылы рейтингге кирген 175 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 150 орунда турган.

   2014-жылы рейтингге кирген 175 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 136 орунда турган.

2015-жылы рейтингге кирген 176 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 167 орунда турган.

   2016-жылы рейтингге кирген 176 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 135 орунда турган.

   2017-жылы рейтингге кирген 176 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 136 орунда турган.

   2018-жылы рейтингге кирген 180 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 135 орунда турган.

   2019-жылы рейтингге кирген 180 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 126 орунда турган.

   2020-жылы рейтингге кирген 180 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 124 орунда турган.

2021-жылы рейтингге кирген 183 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 140 орунда турган.

2022-жылы рейтингге кирген 185 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 140 орунда калды.

Колдонулган адабияттардын тизмеси.:

1. Йохан Энгвалль докторская диссертация «Государство как инвести­цион­ный рынок: аналитическая база для понимания политики и бюрократии в Киргизии»// https://center.kg/article/132; Йохан Энгвалль «Коррупция – это весь Кыргыз­стан…
Архи­ви­ровано 29 июля 2018 года. Дата обра­щения: 28 августа 2020.// «Коррупция в Киргизии – это не просто одна из проблем государства. Коррупция и есть госу­дар­ство!»// http://www. Fergana news. com/articles/7227. 28.12.2011; Он является авто­ром книги «Государство как инвестиционный рынок: Кыргызстан в сравнитель­ной перспективе», опубликованной издательством Pittsburgh Press// https://ca-anticorruption.com/experts/johan-engvall/
2.    Кузовков Ю.В. Мировая история коррупции. М. : Издательство Анима-Пресс, 2010.
3.    История борьбы с коррупцией в КНР/https://klnvmu.mil.ru/ upload/ site195/docu ment_file/DPqYBd8IW2.pdf
4.    Борьба с коррупцией в Китае/https://ksi.lenobl.ru/ru/antikor/reports/borba-s-korrup ciej-v-kitae/
  1. История борьбы с коррупцией в КНР./https://klnvmu.mil.ru/upload/site195/ document_ file/ pdf
  2. Иформационное телеграфное агентство России (ИТАР-ТАСС)». 2018. 7 января. URL: https:// tass.ru/mezhdunarodnaya-panorama/4859925 (02.12.2018).
  3. Жарлыктар, токтомдор, пландар, мыйзамдар Президенттин, Өкмөттүн, юстиция министрлигинин расми      й сайтынан алынды.
  4. https://www.president.kg/kg/prezidenttin_apparaty/prezidentke_karashtuu_keneshter/antikorrupciyalyk_ ishkerdik_ke_esh
  5. https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/c041jddz1n2o

Абытов Б.К. тарых илимдеринин доктору,

профессор, РТИА  мүчө-корреспонденти,

Ош мамлекеттик  университети

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: