Menu

Клара Сооронкуловага Фейсбуктагы билдирүүсүнөн улам жаңы айып коюлду

Бөлүшүү:

Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкуловага жаңы айып коюлду. Бул тууралуу анын адвокаты Чынара Жакупбекова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын ырасташынча, жаңы айып мындан бир жыл мурда Сооронкулованын активист Мирлан Ураимовды колдогон Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн коюлду.

“Ал билдирүү Ураимовду коргоо максатында “Камасаңар баарыбызды камагыла” деген аталыштагы флеш-моб акциясы алкагында жасалган. Ал дээрлик бир жыл мурда жарыяланган жана ошондо эле Улуттук коопсуздук комитети экспертиза баштаган, бирок иш козголгон эмес. Азыр эми Кемпир-Абад ишине байланыштуу эч нерсе таппай, бир жыл мурдагы билдирүүнү козгоп жатат”,-деп жазды адвокат.

Ички иштер министрлиги Сооронкулованын адвокатынын бул билдирүүсү тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Өткөн айда Кемпир-Абад ишине байланыштуу абакта отурган активист Атай Бейшенбек уулуна Октябрь окуяларынан улам дагы үч кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Бейшенбек уулу 2020-жылы шайлоодон кийинки тоз-тополоң менен коштолгон нааразылык акцияларында “мэрияны басып алууга аракет жасаган” деген айыптоо негизсиз экенин айткан.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер былтыркы октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат. Шаардык сот аларды февралдын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу ага чейинки инстанциянын чечимдерин күчүндө калтырган.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: