Menu

Алмазбек Исманкулов эки айга камакка алынды

Бөлүшүү:

“Көз микрохирургиясы” госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов 9-апрелге чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды. Мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту 12-февралда чыгарды. Райондук соттун дагы бир чечими менен экинчи шектүү Талант Рыскулбек уулу үй камагына чыгарылды.

10-февралда Башкы прокуратура “Көз микрохирургиясы” госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов менен Бишкек мэриясынын бир нече кызмат адамдары мамлекетке 93 миллион 162 миң 576 сомдук зыян келтиргени аныкталганын маалымдаган. Ага ылайык, Бишкектеги №6 клиникалык оорукананын 2-корпусунун имараты бейтаптар үчүн орун жетишсиздигине карабай арзан баага ижарага мыйзамсыз берилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, Исманкулов менен Талант Рыскулбек уулу кармалганы кабарланган эле.

Жыл башында Жогорку Кеңештин “Мекенчил” депутаттар тобу Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (КУУ) Түштүк Корея мамлекетинен алынган насыя үчүн күрөөдө экени тууралуу маселени кайра көтөргөн.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова көп жыл мурун Түштүк Кореядан КУУ аркылуу Алмазбек Исманкуловдун клиникасына медициналык жабдыктар үчүн насыя алынганын, учурда окуу жайды күрөөдөн чыгаруу аракети жүрүп жатканын билдирген.

Кийин Билим берүү жана илим министрлиги 2020-жылы өкмөттүн атынан Исманкуловдун клиникасын сотко берип, корей тараптын насыясын жабуу талабын койгонун, соттук териштирүү аягына чыга электигин маалымдаган.

1997-жылы КУУ менен клиника ортосунда университеттин алдында “Интергоспитал” деген медициналык борбор түзүү тууралуу келишим түзүлгөн. Көз догдур Алмазбек Исманкулов ошол кезде ректордун орун басары да болуп турган. 1999-жылы кореялык “Медисон Ко ЛТД” компаниясы менен баасы 8,5 миллион долларлык медициналык жабдуу насыяга алынган. Буга байланыштуу 2016-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы иш козгогон.
Кийинчерээк кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткен деген негизде кыскарып калганы белгилүү болгон.

Билим берүү жана илим министрлиги Исманкуловдун карызы 28 миллион долларга чамалаганын билдирген.

Исманкулов же “Көз микрохирургиясы” госпиталы соңку айыптоолор боюнча азырынча комментарий бере элек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: