Бүгүн, 13-февралда Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Кахраманмараш шаарындагы “Хайрылло махелеси ” аталган аймагында жер титирөөдөн улам ураган имараттын арасынан 38 жаштагы Хадиче Ахар аттуу аял кишини тирүү алып чыгышты. Бул тууралу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.
Түркиянын зилзала болгон аймактарындагы куткаруу иштерине Кыргызстан кечээ 80 куткаруучу жана алты дарыгер жиберди. 67 куткаруучу кыйроонун эртеси күнү эле жөнөп кеткен.
80 куткаруучу жана алты дарыгер 12-февралда жардам иретинде дары-дармектерди, медициналык жабдууларды, буюм-тайымдарды жана кийим-кече өңдүү зарыл буюмдарды, ошондой эле 75 боз үй ала кетишти.
6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында болгон 7,8 баллга жеткен зилзалада 33 миңден ашык адам набыт болуп, он миңдеген киши жараат алды. Миңдеген имарат кыйрап, он миңдеген үй-бүлө башкалкасыз калды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ